“Түндүк электр” ААКсында оңдоо иштери кызуу жүрүп жатат
Поделиться материалом
Опубликовано: 01 августа 2017

2017-жылдын 6 айында “Түндүк электр” ААКсынын электр энергетикалык жабдуулары 62,8 млн сомго же 96% оңдолду.

Чүй, Талас облустарынын жана Бишкек шаарынын электр тармактарында төмөнкүлөр оңдолду:

35 кВ чыңалуудагы электр өткөрүүчү жогорку вольттогу 144,5 км аба чубалгылары,

1047 км жогору болгон 10/6-0,4 кВ чыңалуудагы ЭӨЧ,

35/6-10 кВ чыңалуудагы 20 жогорку вольттук трансформатордук көмөк чордону,

10/6-0,4 кВ чыңалуудагы 708 комплектелген трансформатордук көмөк чордону,

10/6-0,4 кВ чыңалуудагы 65 км кабелдик чубалгылар,

“Түндүк электр” ААК боюнча жоготууларды азайтуу жана керектөөчүлөрдү электр менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн арттыруу үчүн 0,4-6-10 кВ электр өткөрүүчү аба чубалгыларын 912 км жолундагы дарактардын бутактары узатасынан кесилди,

0,4-6-10 кВ зымдардын 41 км көбү алмаштырылды,

ашыкча иштеген 43 жана толук иштебеген 5 майы бар трансформатор алмаштырылды.

Ушул жылдын биринчи жарымында капиталдык салымдардын көлөмү 157,8 млн сомду же 103% түздү. “Түндүк электр” ААК боюнча кошумча 24 трансформатордук көмөк чордону орнотулду, 13,7 км кабелдик чубалгы жана 29,9 км 0,4-10 кВ ЭӨАЧ реконструкцияланды, 8531 эсептөө прибору алмаштырылды. Шаарда жылдын башында 0,4 кВ 32 км жакын ЭӨЧ өзүн көтөрүүчү изоляцияланган зымдар (ӨКИЗ-СИП) колдонулуп реконструкцияланды.

Аткарылган иштердин натыйжасында “Түндүк электр” бөлүштүрүүчү тармактарынын авариялуулугу 2016-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 14% кыскарды. Жарым жылдыктын натыйжасы боюнча 13,07% түзгөн жоготуулардын жалпы көлөмү 0,385 кыскарды.

“Түндүк электр” ААК оңдоо иштери жасалып жаткан учурда керектөөчүлөргө электр берилбесин эске салат. Оңдоо иштеринин графиги жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына бир күн мурун жөнөтүлөт.

Божомолдонгон электр энергиясын план боюнча өчүрүүлөр жөнүндө маалымат бөлүштүрүүчү компаниялардын www.severelectro.kg социалдык тармагына, “Түндүк электр” ААКсын www.facebook.com баракчасына, «Акипресс» маалымат агенттигинин сайтына, diesel.elcat.kg шаардык интернет-форумга (“Уюм” → “Түндүк электр” → «Жаңылыктар» рубрикасына) жарыяланат.

Электр энергиясын план боюнча өчүрүүлөр жөнүндө маалыматты КТРК Биринчи радиосунун жаңылыктар блогунан (104,1), жана “Марал” (88,5) радиосунан да уксаңыз болот.

Поделиться материалом
Другие материалы в категории Жаңылыктар

Бүгүн, Улуттук энергохолдингдин Башкармасынын Төрагасы Айтмамат Назаровдун Улуттук энергохолдингдин ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктарына арналган басма-сөз конференциясы болуп өттү.

Улуттук энергохолдингдин Башкармалыгынын Төрагасы Айтмамат Назаров “Жалалабатэлектро” ачык акционердик коомунун Калкты тейлөө борборлорунун ачылышана катышты

Компания темир-бетон мамыларын сатып алууда бир топ кыйынчылыктарга дуушар болуп келген. Тендердик сынактын негизинде уткан жеткирүүчүлөрдүн продукцияларынын сапатынын начар болгондугунан тендерлер бузулуп, ага кошумча, уткан жеткирүүчүлөр мамычаларын убагында жеткирип бере албай, кабыл алган план-тапшырмалардын аткарылышын тобокелге салган учурлар көп болгон. Ушундай абалдан чыгуу үчүн, компанияда мамычаларды өндүрүү чечими кабыл алынган.