Улуттук энергохолдинг Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттары боюнча семинар өткөрдү
Поделиться материалом
Опубликовано: 17 сентября 2017

2017-жылдын 14-15-сентябрында “Улуттук энергохолдинг” ААКсынын демилгеси менен бухгалтердик эсеп бөлүмдөрүнүн кызматкерлери жана энергетика компанияларынын отчеттуулугу үчүн Финансылык отчеттуулуктун актуалдуу эл аралык стандарттары деген темада семинар болуп өттү. Улуттук энергохолдингдин башкармалыгынын төрагасы Айбек Калиев семинардын ачылышына катышып, катышуучулар менен бирге энергетика компанияларынын финансы системасын мындан ары да жакшыртуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады жана окуунун жемиштүү болуусуна каалоо-тилегин билдирди.

Семинардын программасынын негизги темалары төмөнкүлөр:

  • ФОЭАС концептуалдык негиздери;
  • Финансылык отчеттуулукту бирдей форматта түзүү жана сунуштоо;
  • Курстук айырмачылыктарды эсептөө жана зайымдар боюнча чыгымдарды капиталдаштыруу;
  • Базар баасынан төмөн пайыздык коюм менен берилген зайымдарды жана мамлекеттик субсидияларды дисконттоо;
  • Акча каражаттардын жүгүртүлүшү жөнүндө отчет;
  • Товардык жана материалдык баалуулуктардын баага татыбай калышын талдоо;

Семинардын экинчи бөлүгүндө жумушчу топтор Улуттук энергохолдингдин эксперттеринин жетектөөсү аркылуу финансылык отчеттуулукту ар бир компаниянын маалыматтарынын негизинде ФОЭАС ылайык түзүү ишин иш жүзүндө аткарышты.

Бул семинардын жыйынтыгында катышуучулар:

•             жылдык жана жыл ичиндеги отчеттуулуктуун формаларын түзүү боюнча көндүмдөргө ээ болушту;

•             АКЖЖО түз жана кыйыр ыкмалар ж.б. аркылуу түзүүдө кандай айырмачылыктар болорун үйрөнүштү;

•             АКЖЖО түзүлүшү жөнүндө системдүү маалыматка ээ болушту

  • жайылтылуучу маалыматтардын курамына жана көлөмүнө таасир этүүчү оор кырдаалдарды талкуулашты
  • эл аралык компаниялар маалыматтарды иш жүзүндө кантип жайылтарын карап чыгышты.
Поделиться материалом
Другие материалы в категории Жаңылыктар

Бүгүн, 1-сентябрда Жалал-Абад облусунун Жазы-Кечүү айылынын тургундарын электр тармактарына кошуу аземи болуп өттү. Бул калктуу конушта 150 үй-бүлө жашайт, алардын ичинен 110 үй-бүлө Базар-Коргон районунун Кызыл-Үңкүр айыл өкмөтүнүн жашоочулары болсо, 40 үй-бүлө Сузак районунун Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн жашоочулары болуп эсептелет.

Улуттук энергохолдингдин Башкармасынын Төрагасы Айтмамат Назаров алдыда турган күз-кыш мезгилине даярдыкка жана үстүбүздөгү жылдын жети айындагы энергетикалык компаниялардын ишмердигинин жыйынтыктарына арналган селектордук кеңешме өткөрдү.

Улуттук энергохолдингдин Башкармасынын Төрагасы Айтмамат Назаров, “Восток” магистралдык жылуулук тармагынын курулушунун Ахунбаев көчөсүндөгү 7-апрель көчөсү тараптан Улан микрорайонуна кире беришиндеги участкасында жумуштардын жүрүшү менен таанышты.