“Айни” көмөк чордону тутанып, натыйжада өрт чыкты
Поделиться материалом
Опубликовано: 06 октября 2017

Кечээ, 2017-жылдын 5-октябрында саат 17:00дө “Айни” көмөк чордону тутанып, натыйжада өрт чыкты. Саат 17:57де өрт өчүрүлгөндөн кийин авариялык-оңдоо тобу авариянын кесепеттерин жоюуга киришти. Энергетиктер түнү бою тыным албастан иштешти. Жарыксыз калган керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен камсыздоону калыбына келтирүү иштери аяктады. Электр энергиясын берүүнүн резервдеги схемасы боюнча “Түндүк электр” ААК керектөөчүлөрдү кайрадан электр энергиясы менен камсыздап жатат.

Бузулуп калган жабдууну толугу менен алмаштырууга бир топ убакыт сарпталат. Зарыл материалдар жана авариялык запастан алынган жабдуу колдо бар жана көмөк чордонуна алынып келинди.

Атайын комиссия тарабынан Кыргыз Республикасынын Экологиялык жана техникалык коопсуздук мамлекеттик инспекциясынын катышуусунда өрттүн чыгуу себептери иликтенет.

Урматтуу керектөөчүлөр, келтирилген убактылуу ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайбыз. 

Поделиться материалом
Другие материалы в категории Жаңылыктар

Бүгүн, 1-сентябрда Жалал-Абад облусунун Жазы-Кечүү айылынын тургундарын электр тармактарына кошуу аземи болуп өттү. Бул калктуу конушта 150 үй-бүлө жашайт, алардын ичинен 110 үй-бүлө Базар-Коргон районунун Кызыл-Үңкүр айыл өкмөтүнүн жашоочулары болсо, 40 үй-бүлө Сузак районунун Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн жашоочулары болуп эсептелет.

Улуттук энергохолдингдин Башкармасынын Төрагасы Айтмамат Назаров алдыда турган күз-кыш мезгилине даярдыкка жана үстүбүздөгү жылдын жети айындагы энергетикалык компаниялардын ишмердигинин жыйынтыктарына арналган селектордук кеңешме өткөрдү.

Улуттук энергохолдингдин Башкармасынын Төрагасы Айтмамат Назаров, “Восток” магистралдык жылуулук тармагынын курулушунун Ахунбаев көчөсүндөгү 7-апрель көчөсү тараптан Улан микрорайонуна кире беришиндеги участкасында жумуштардын жүрүшү менен таанышты.