«Түндүк электр» ААК абоненттерине WhatsApp аркылуу кызмат көрсөтөт
Поделиться материалом
Опубликовано: 09 декабря 2017

Урматтуу абоненттер!

Кардарларга ыңгайлуу болуш үчүн “Түндүк электр” ААК WhatsApp аркылуу кардарларга жаңыча кызмат көрсөтө баштады. Баарыбыз билген WhatsApp тиркемесинин жардамы менен  суроолоруңарды берип, кошуулар/өчүрүүлөр жана техникалык маселелер боюнча онлайн түрүндө кеңеш ала аласыздар. Суроолорду күнү-түнү жиберсе болот. Болгону биздин номерди - +(996) 772 00 1209 телефонуңуздун байланыштар журналына сактайсыз жана Google Play же AppStore сервисинен өзүңүздүн телефонуңузга WhatsApp тиркемесин орнотосуз. Биздин адистер Сизге жардам беришет жана кыска мөөнөттүн ичинде суроолоруңузга жооп беришет.

Муну менен “Түндүк электр” ААК чалуу борбору да абоненттерге кызмат көрсөтүүлөрүн улантууда. Ал үчүн *1209 номерин териңиз.

Поделиться материалом
Другие материалы в категории Жаңылыктар

Бүгүн, 1-сентябрда Жалал-Абад облусунун Жазы-Кечүү айылынын тургундарын электр тармактарына кошуу аземи болуп өттү. Бул калктуу конушта 150 үй-бүлө жашайт, алардын ичинен 110 үй-бүлө Базар-Коргон районунун Кызыл-Үңкүр айыл өкмөтүнүн жашоочулары болсо, 40 үй-бүлө Сузак районунун Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн жашоочулары болуп эсептелет.

Улуттук энергохолдингдин Башкармасынын Төрагасы Айтмамат Назаров алдыда турган күз-кыш мезгилине даярдыкка жана үстүбүздөгү жылдын жети айындагы энергетикалык компаниялардын ишмердигинин жыйынтыктарына арналган селектордук кеңешме өткөрдү.

Улуттук энергохолдингдин Башкармасынын Төрагасы Айтмамат Назаров, “Восток” магистралдык жылуулук тармагынын курулушунун Ахунбаев көчөсүндөгү 7-апрель көчөсү тараптан Улан микрорайонуна кире беришиндеги участкасында жумуштардын жүрүшү менен таанышты.