Улуттук энергохолдингдин Башкармалыгынын төрагасы Айбек Калиев КР президентине баяндама кылды
Поделиться материалом
Опубликовано: 22 декабря 2017

Бүгүн, 22-декабрда Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков “Улуттук энергохолдинг компаниясы” ААК Башкармалыгынын төрагасы Айбек Калиевди кабыл алды.

Мамлекет башчы кошумча энергетикалык кубаттуулуктарды киргизүү, энергетика тармагын өнүктүрүү боюнча жүзөгө ашырылган инвестициялык долбоорлор, тармакты башкаруу системасында өткөрүлгөн реформалар жөнүндө маалымат алды.

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн экономикасынын өнүгүп өсүшүнө таасир этүүчү, бюджетти түзө турган тармак катары Кыргызстандын экономикасына энергетика тармагынын кошкон салымы чоң экенин белгилеп кетти. Ал калкты электр менен үзгүлтүксүз камсыздоонун, кубаттуулуктун резервинин жана калктын жашоо сапатын жогорулатуу жана экспорттук потенциалды өнүктүрүү максатында энергиянын кубаттуулуктарын ишке киргизүү боюнча өткөрүлүүчү иштердин маанилүүгүн белгиледи.

Айбек Калиев Кыргызстандын энергетика тутуму туруктуу иштеп жатканын, өлкөнүн керектөөсү 61 млн. кВт.с. түзөрүн мамлекет башчыга билдирди.

“20-декабрдан баштап Токтогул ГЭСинде экинчи трансформатор ишке киргизилди жана бүгүнкү күндө Токтогул ГЭСинин белгиленген кубаттуулугу 1100-1200 мВт түзөт. Бишкек шаарынын ЖЭБиндеги жүктөм 420дан 370-350 мВт чейин азайттык. Муну менен отун ресустарын жана акча каражатын үнөмдөлөт”, - деди Айбек Калиев.

2018-жылга карата Энергетика тармагын өнүктүрүү концепциясы жана планы Аймактарды өнүктүрүү концепциясын (20 пилоттук шаарлар) эске алуу менен иштелип чыккандыгын маалымдады.

“Ар бир область боюнча план иштеп чыктык жана 2023-жылга чейин энергияны иштеп чыгуунун кандайдыр бир булагы боюнча иш алып барарыбызды пландап жатабыз”, - деди Айбек Калиев. 

Поделиться материалом
Другие материалы в категории Жаңылыктар

Бүгүн, 1-сентябрда Жалал-Абад облусунун Жазы-Кечүү айылынын тургундарын электр тармактарына кошуу аземи болуп өттү. Бул калктуу конушта 150 үй-бүлө жашайт, алардын ичинен 110 үй-бүлө Базар-Коргон районунун Кызыл-Үңкүр айыл өкмөтүнүн жашоочулары болсо, 40 үй-бүлө Сузак районунун Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн жашоочулары болуп эсептелет.

Улуттук энергохолдингдин Башкармасынын Төрагасы Айтмамат Назаров алдыда турган күз-кыш мезгилине даярдыкка жана үстүбүздөгү жылдын жети айындагы энергетикалык компаниялардын ишмердигинин жыйынтыктарына арналган селектордук кеңешме өткөрдү.

Улуттук энергохолдингдин Башкармасынын Төрагасы Айтмамат Назаров, “Восток” магистралдык жылуулук тармагынын курулушунун Ахунбаев көчөсүндөгү 7-апрель көчөсү тараптан Улан микрорайонуна кире беришиндеги участкасында жумуштардын жүрүшү менен таанышты.