Калиев А.Р. «Бишкекжылуулуктармагы» ААКнын жаңы тейлөө борборунун ачылышына катышты
Поделиться материалом
Опубликовано: 28 декабря 2017

2017-жылдын 27-декабрында “Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы” ААК Башкармалыгынын төрагасы Калиев А.Р. “Бишкекжылуулуктармагы” ААКнын жаңы тейлөө борборунун ачылышына катышты. Компаниянын имиджин көтөрүү үчүн 2017-жылга карата “КУЭХ” ААК концептуалдык планынын алкагында кардарларды кабыл алуу боюнча тейлөө борбору реконструкцияланган.

Компаниянын Башкы дирекциясынын мүчөлөрү менен биргеликте тейлөө борборунун жаңыртылган жайынын ачылышы жана бет ачары болуп өттү, ошондой эле керектөөчүлөрдүн чалууларын карап чыгууга иштелип чыккан программалар көрсөтүлдү.
“Бишкекжылуулуктармагы” ААК тарабынан келген чалуулардын бардыгын күтүү режиминде бир учурда кабыл алуучу аппаратуралар жана IP-телефониялар орнотулган программалык камсыздоо сатылып алынган. Мындан тышкары абонент IVR (үн аркылуу айтылган билдирүүнү) уккан соң, оператор менен байланышууну тандай же маалымат камтылган автоответчикти уга алат.
“Бишкекжылуулуктармагы” ААК www.teploseti.kg сайтында (физикалык жана юридикалык жактар үчүн) жеке кабинет түзүлгөн.

Эсептөө айында жылуулук энергия менен ысык суунун коромжусу боюнча түзүлгөн баланстын натыйжасы алынгандан кийин абоненттерди эсептөө боюнча маалымат жылуулук тармактарынын сайтындагы жеке кабинетке жайгаштырылат. Абонент өздүк эсеп, кошуп эсептөөлөр, кредитордук-дебитордук калдыктар, эсептөө приборлордун көрсөтмөлөрү тууралуу толук маалымат алуу, эсептин көчүрмөсүн чыгарып алуу жана төлөм жүргүзүү (төлөм терминалы жана интернет-банкинг аркылуу) мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
Компаниянын кызматкерлери telegram-боттун иштөөсүн көрсөтүштү.
Абоненттерге ыңгайлуулук түзүп берүү максатында “Бишкекжылуулуктармагы” ААК абоненттин жеке кабинети үчүн telegram мессенджер уюлдук тиркемесине telegram-ботту киргизди. Эми абоненттер суу өлчөгүчтөрдүн мурдагы көрсөтмөлөрүн жана мурдагы төлөмдөрүн көрө алышат, суу өлчөгүчтөрдүн көрсөтмөлөрүн же даттанууларын ыңгайлуу түрдө жана тез арада бере алышат. Бул ресурс күнү-түнү иштейт жана маалыматты абдан тез берет. 

Поделиться материалом
Другие материалы в категории Жаңылыктар

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнундарына карата энергетика компанияларынын даярдык деңгээли

2018-жылдын 28-июлунда Улуттук энергохолдингдин жана туунду коомдордун дирекциялары КР биринчи вице-премьер-министри К.А. Боронов менен бирге Бишкек шаарынын ЖЭБинде болушту. 2018-2019-жылдардагы күз-кыш мезгилине карата жасалган иштерди КР Өкмөтү текшерүү үчүн бул иш сапар уюштурулган.

Ата мекенди коргоо күнү менен! Жеңишти, тынчтыкты жана заманбап шартта өлкөнүн бейкутчулугун орноткон коргоочулардын майрамы кут болсун!