Бишкек ЖЭБинин жаңы блокторунда түтүн тазалай турган жаңы заманбап фильтрлер колдонулуп жатат
Поделиться материалом
Опубликовано: 17 января 2018

Бишкек ЖЭБ – бала бакчаларды, мектептерди, ооруканаларды, ишканаларды жана мекемелерди, Бишкек шаарынын көп кабаттуу турак жайларын – 120 миңден ашык абонентти жылуулук жана электр энергия менен камсыздоочу борборлоштурулган жалгыз жана ири булак.

Жылуулук борбору шаар тургундарына ыңгайлуу шарттарды түзүү менен бирге өлкөнүн түндүгүндө электр энергия иштеп чыгуучу ири булак да болуп да саналат.Бишкектин ЖЭБи кышында 7-8 миллион киловатт саат электр энергияны иштеп чыгарат. ЖЭБдин иштебей токтоп калуусу шаардагы жашоонун токтоп калуусуна алып келет. Бул ишкананын күнү-түнү үзгүлтүксүз иштөөсүн жарым миң кызматкер камсыздайт. Бишкек ЖЭБи “Электр станциялары” ААК бир филиалы болуп эсептелет. ЖЭБдин иштеп туруусу үчүн отунду жана башка бардык нерселерди “Электр станциялары” ААК мамлекеттик бюджеттен эмес өз каражатынан сатып алат жана сатылып алынган отун компания жумшаган каражаттын бир кыйла бөлүгүн түзөт. Бир жолку күзгү-кышкы жылуулук берүү мезгилинде шаар тургундары ыңгайлуулук жана жылуулук үчүн бир миллион тонна көмүр жагышат.

2017-жылы станцияны модернизациялоо долбоору ийгиликтүү аяктады. Жаңы энергетика блокторунун жардамы менен кубаттуулук 812 мегаваттка жогорулагандан тышкары экология жаатында сапаттуу өзгөрүүлөр болду. Анткени ар бирибиз жылуулукта жана ыңгайлуулукта, ошондой эле экологиялык жактан таза чөйрөдө иштегибиз жана жашагыбыз келет.

Жабдууларды кайра монтаждоо учурунда 100 метрлик эки түтүк жардырылып алынып, натыйжада шаардын абасына тийгизген түтүндүн таасири азыраак. “Бишкек ш. ЖЭБин модернизациялоо” долбоору айлана-чөйрөгө келтирилген таасирди баалоо бөлүгүн ишке ашырууда төмөнкүлөрдү өзүнө камтыйт:

- жаңы отказандардан кеткен түтүндүү газдарды эки жолу тазалоо;

            - көмүр салынган жердеги жана кайра ташууда көмүрдүн чаңын тазалоо, кол менен жасалуучу фильтрлер аркылуу вентиляциялык газ жана чаң аралашкан агымдарды чаңдан тазалоо (импульстук кап менен тазалоо);

            - десульфурация жерине чогулган гипсти экинчи ирээт колдонуу;

            - көмүрдү которуштурган жабы линиялар жана ченөөлөр;

            - көчөттөрдү отургузуу;

            - күйүүчү газдарга мониторинг жүргүзүү;

            - жумуш орундарында химиялык жана физикалык факторлорго мониторинг жүргүзүү.

Иштетүүдө зыяндуу таштандылардын булактары төмөнкүлөр:

-отун берүүчү участок;

-отун агрегаттары;

-десульфурация жери;

-майдаланган көмүрдү кайра ташуучу конвейердик линиялар жана тармактар;

- түтүндүү газдар;

- десульфурация тутумунун бункерине акиташтарды кайра салуу.

            Күйүүчү отунду өткөрүү. Чаң баскан бардык жабдууларда жана өндүрүштүк жайларда күйүүчү процесске кайрылып келүүчү көмүрдүн чаңы бирдиктүү импульстук-кап системасына бириге турган соруп алуучу жак оңдолгон.

            Десульфатация системасы. Десульфурация участогу жабык жайда жайгашкан, анда акиташтын чаңы абаны импульстук кап тазалагычы аркылуу чогулат да, технологиялык процесске кайрадан кайтып келет.

             Отказан агрегатттары. Түтүндүү газдарды тазалоочу тутум электр фильтрлеринен, тазалоочу беш талаадан жана десульфурация участогунан турат. Андан кийин түтүндүү газ беш деңгээлдеги электрофильтр аркылуу түтүндөн 99,9% тазаланат. Андан кийин жогорку технологияга негизделген, түтүндүү газдарды суу менен тазалоо технологиясынын баасынан төмөн болгон десульфурация тутумуна келип түшөт. Анткени жаңы отказан агрегаттары отун катары жергиликтүү кара-кече көмүрүн пайдаланууга эсептелген, долбоордо белгиленген көмүрдө күкүрт Sar=2.01% түзүп, күкүртү көп көмүргө кирет. Отказандарды жагуу конструкциясы күл чыгаруучу тутум аркылуу катуу бөлүктөрдүн 80% алып салууга багытталган. Кыргыз экологиясынын талаптарына ылайык булгоочу заттарды ыргытуу () 256mg/Nm3 төмөн болууга тийиш. Күкүрттү тазалоо күкүрт кошулмаларын 96% ашыгын тазалоого негизделген.

Пайдаланылган күкүрттү тазалоочу тутум текшерилгенде 150-210mg/Nm3 күкүрт ыргытылганы көрүнгөн. Бул нерсе тазалоонун 98% ашыгына жана КР экологиялык талаптарына дал келет.

Жаңы блоктор үчүн циркуляциялык суу системасы эски станциядагыдай эле, ошондой эле ченемдик талаптарга жооп берген жабдууларда иштетилет.

Эсептөөлөргө ылайык жана жаңы блокторду иштетүүдө булгоочу заттарды ыргытуу дүйнөлүк стандарттарга жооп берет, ошондой эле булгоочу таштандылардын сапаттык жана сандык курамына дайыма мониторинг жүргүзүлөт. Жалпылап айтканда, жаңы блокторду иштетүүдө зыяндуу таштандыларга баа берүү долбоордук баалоого ылайыктуу.

Кыргыз Республикасынын премьер-министринин тапшырмасы боюнча Бишкек ЖЭБинин булгоочу заттарынын ыргытуулусун азайтуу багытында иштер аткарылууда.

“Электр станциялары” ААК Бишкек ш. атмосферасы эмнеден кирдеп жатканына экспертиза жүргүзүү үчүн жергиликтүү фунционалдык ведомстволорду, ошондой эле чет мамлекеттен көз карандысыз эксперттерди тартмакчы.

Поделиться материалом
Другие материалы в категории Жаңылыктар

Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик органдардын коомдук кеңеши жөнүндө» Мыйзамына ылайык, Коомдук кеңештердин мүчөлөрүн тандоо боюнча комиссия коомчулук өкүлдөрүн, анын ичинде коммерциялык эмес уюмдардын, илимий чөйрөнүн, бизнес-ассоциациялардын, кесиптик жана тармактык биримдиктердин, министрлик жана административдик ведомстволордун

Улуттук энергохолдингдин жамааты Сиздерди Жаңы жылыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайт! 

2017-жылдын 27-декабрында “Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы” ААК Башкармалыгынын төрагасы Калиев А.Р. “Бишкекжылуулуктармагы” ААКнын жаңы тейлөө борборунун ачылышына катышты.