Энергетика компаниялары III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна даярдык көрүүдө
Поделиться материалом
Опубликовано: 01 августа 2018

 

2018-жылдын сентябрында Ысык-Көл облусунда III Дүйнөлүк көчмөндөр оюну өтүп, ал дүйнөнүн ар кыл бурчунан 65 миң адамды тартып келүүгө түрткү болмокчу. Дүйнөлүк көчмөндөр оюну «Рух-Ордо» этнографиялык комплексинде, Чолпон-Ата шаарынын Дене-тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплексинде, Кырчын жайлоосунда жана «Номад» көчмөндөр цивилизациясы борборунда өткөрүлөт.

Бул жерлерди электр менен үзгүлтүксүз камсыздоо максатында “Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы” ААК (мындан ары Улуттук энергохолдинг) III ДКОго даярдык көрүү планын иштеп чыкты. Ушул күнгө чейин план боюнча аткарган иштери төмөнкүлөр:

«Кыргызстандын КУЭТ» ААК электр энергияны электр станциялардан бөлүштүрүүчү компанияларга жана ири өнөр жай керектөөчүлөрүнө жеткирет жана аткарган иштери төмөнкүлөр:

- 110 кВ «Григорьевка» көмөкчү чордонун реконструкциялады (бул көмөкчү чордон “Кырчын” жайлоосун электр менен камсыздайт),

- кошумча 110 кВ «Ананьево» көмөкчү чордонун даярдады,

- 110 кВ «Чолпон-Ата» көмөкчү чордонунда кезметчилер күнү-түнү кезметке турат.

“Чыгыш электр” ААК Ысык-Көл жана Нарын облусунун акыркы керектөөчүлөрүнө электр энергияны бөлүштүргөн компания. Аткарган иштери төмөнкүлөр:

-      10 кВ «Откормочник» АЧ кошуп, 110/10 кВ «Семеновка» КЧдан  «Семеновка» АЧны бөлүп алуу үчүн узундугу 0,9 км болгон 10 кВ АЧ курду жана ишке киргизди;

-  узундугу 0,3 км болгон КТКЧ кошуу үчүн 10 кВ АЧ жана ТКЧдан чыгуу үчүн узундугу 0,4 км болгон 10 кВ АЧ курду;

- 10/0,4 кВ – 2*250 кВА, 2*630 кВА, 1*400 кВА ТКЧ орнотту (узундугу 2*322м кабелдик ЭӨЧ төшөлүп, ал башкы сахнаны жана “Хан-Ордону” даярдоо учурунда чыңалуу берүү үчүн 1*400 кВА иштетилген);

- 100 металл зым тирегине шамчырак орнотту.

 [Белгилей кетчү нерсе, жогоруда аталган иштердин айрымдары жакында өтө турган ДКО даярдык көрүүнүн алкагында аткарыла башталган жана утурумдук даярдык көрүү учурунда улантылган].

 

Айта кетчү нерсе, электр менен үзгүлтүксүз камсыздоонун кепилдиги бир гана энергетика компанияларына эмес, ошондой эле кардарларга да көз каранды.

2018-жылдын 27-июлунда “Кырчын” жайлоосун электр менен камсыздаган “Чыгыш электр” ААКнын аба чубалгысы бузулган. Бузукту калыбына келтирүүчү топ ТКЧнын бирөөсү бузулуп, мындан улам АЧнын өчүп калгандыгын аныктаган.

Улуттук энергохолдинг кардарларды башка кардарлардын укугун сыйлоого жана стратегиялык жактан маанилүү делген электр энергетика объектилерине аяр мамиле кылууга чакырат.

 

Маалымат үчүн:

КЧ – көмөкчү чордон

АЧ – аба чубалгысы

КТКЧ – комплектелген трансформатордук көмөкчү чордон

ТКЧ – трансформатордук көмөкчү чордон

ЭӨЧ – электр өткөрүү чубалгылары

 

Толугураак маалымат алуу үчүн Улуттук энергохолдингдин басма сөз кызматына кайрылыңыздар [press.energyholding@gmail.com].

Поделиться материалом
Другие материалы в категории Жаңылыктар

2018-жылдын 28-июлунда Улуттук энергохолдингдин жана туунду коомдордун дирекциялары КР биринчи вице-премьер-министри К.А. Боронов менен бирге Бишкек шаарынын ЖЭБинде болушту. 2018-2019-жылдардагы күз-кыш мезгилине карата жасалган иштерди КР Өкмөтү текшерүү үчүн бул иш сапар уюштурулган.

Ата мекенди коргоо күнү менен! Жеңишти, тынчтыкты жана заманбап шартта өлкөнүн бейкутчулугун орноткон коргоочулардын майрамы кут болсун!

Бишкек ЖЭБ – бала бакчаларды, мектептерди, ооруканаларды, ишканаларды жана мекемелерди, Бишкек шаарынын көп кабаттуу турак жайларын – 120 миңден ашык абонентти жылуулук жана электр энергия менен камсыздоочу борборлоштурулган жалгыз жана ири булак.