КР биринчи вице-премьер-министри Боронов К.А. Бишкек шаарынын ЖЭБинде болду
Поделиться материалом
Опубликовано: 01 августа 2018

2018-жылдын 28-июлунда Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри К.А. Бороновдун өкүлчүлүгү астында Бишкек шаарынын ЖЭБинде жолугушуу болду. Жолугушууга “Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы” ААКнын төрагасы А.Э. Абдыкадыров, “Электр станциялары” ААК башкы директору А.Э. Эшимбеков, Бишкек шаарынын ЖЭБинин директору А.В. Воропаев жана ЖМКнын өкүлдөрү катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө биринчи вице-премьер-министрдин делегациясы Бишкек шаарынын ЖЭБинин инженердик-лабораториялык корпусун, жылытуучу борбордук калканды, машина залдарын, бара бөлүктөрүн карап чыкты. Карап чыккан соң, отурум өткөрүлдү. Отурумда вице-премьер-министрге аткарылып жаткан иштердин графиги, тапшырмаларды аткаруу учурунда кездешкен кыйынчылыктар айтыллды, ал эми өз кезегинде биринчи вице-премьер-министр айтылган маалыматтар боюнча өз пикирин ортого салды жана тийиштүү тапшырмаларды берди.

Поделиться материалом
Другие материалы в категории Жаңылыктар

Улуттук энергохолдингдин Башкармасынын Төрагасы Азамат Абдыкадыров Жалал-Абад облусундагы Кеңеш айыл аймагынын Орто-Сай участкасына барды.

“Электр станциялары” ААКнун электр энергиясын иштеп чыгаруу көлөмү:

2018-жылда – 15 472,8 млн кВтс, бул 2017-жылдын көрсөткүчүнөн 321,4 млн кВтс же 2%га көп;

2017-жылда – 15 151,4 млн кВтс;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 20-ноябрындагы №660 Токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын 2014-2017-жылдарга карата электр жана жылуулук энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатына ылайык, калк үчүн тарифтер социалдык багытталган болуп эсептелет