Президент Сооронбай Жээнбеков: Энерготармак токтоосуз реформаларга муктаж
Поделиться материалом
Опубликовано: 23 августа 2019

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-августта, «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ААКнын башкармалыгынын төрагасы Айтмамат Назаровду кабыл алды.

Өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун бекемдөө, энергетикалык тармакты реформалоо, алдыдагы кыш мезгилине даярдык боюнча чаралар талкууланды.

«Энерготармак токтоосуз реформаларга муктаж, шаарлардын жана аймактардын тургундары үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз болушу керек», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы экономика тармактарына, ишкерлик субъектилерине үзгүлтүксүз электр энергиясын берүүнүн, кубаттуулуктун резервин камсыздоонун маанисин белгиледи. Коңшу мамлекеттер менен суу-энергетикалык ресурстарды биргелешип рационалдуу колдонуу маселелери боюнча кызматташууну бекемдөө зарылдыгын баса белгиледи.

«Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ААКнын башкармалыгынын төрагасы Айтмамат Назаров энергообъектилердеги штаттан тышкаркы абалдарды болтурбоо чаралары, энергокомпанияларда «акылдуу эсептегичтерди» орнотуу, электроэнергияны сатуу рыногун кеңейтүү, кошумча кубаттуулук резерви жана аймактык өнүктүрүү саясатынын алкагында бул жылы ишке киргизилген объектилер жөнүндө кеңири айтып берди.

 

http://www.president.kg/kg/okujalar/14844_prezident_sooronbay_gheenbekov_energotarmak_toktoosuz_reformalarga_muktagh

Поделиться материалом
Другие материалы в категории Жаңылыктар

Улуттук энергохолдингдин Башкармалыгынын Төрагасы Айтмамат Назаров Чыгышэлектро” ААКнын Нарындагы филиалынын райондук электр тармактарынын жетекчилери жолукту.

Улуттук энергохолдингдин Башкармалыгынын Төрагасы Айтмамат Назаров Япониянын ири энергетикалык компанияларынын жетекчилери менен бир катар жолугушууларды өткөрдү

Энергетиктердин командалары тармактын 85 жылдыгына арналган волейбол боюнча турнирге катышышты