Активисттердин бири тарабынан берилген бир катар суроолор боюнча Улуттук энергохолдингдин түшүндүрүүлөрү
Поделиться материалом
Опубликовано: 02 сентября 2019

“Коңур-Өлөң ГЭСи” ЖЧК, “Көк-Сай ГЭСи” ЖЧК кичи гидроэлектр станциялары тарабынан иштеп чыгылып жаткан электр энергиясын “Чыгышэлектр” ААКнун сатып алуусу боюнча.

Жогоруда аталган кичи ГЭСтерди Пайдаланууга кабыл алуу боюнча акт, профильдик мамлекеттик орган тарабынан, кичи гидроэлектр станцияларды курууга, электр тармактарына кошууга укукту жол-жоболоштуруу тартибин жана процедураларын жөнгө салуучу колдонуудагы Жобону бузуу менен түзүлгөн.

Ушуга байланыштуу “Чыгышэлектр” ААК Ысык-Көл облустук прокуратурасына “Коңур-Өлөң ГЭСи” ЖЧКга жана “Көк-Сай ГЭСи” ЖЧКга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ОЭК жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин кызмат адамдары тарабынан лицензияны мыйзамсыз берүүсү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экология жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик агенттиктин кызмат адамдары тарабынен кичи ГЭСтерди пайдаланууга мыйзамсыз кабыл алуу фактылары боюнча текшерүү жүргүзүү жана алардын иш-аракеттерине юридикалык баа берүү боюнча арыз менен кайрылган.

“Чыгышэлектр” ААК жаңы ачылган жагдайлар боюнча соттук инстанциянын чечимин жокко чыгаруу үчүн талашат.

Белгилей кетчү нерсе, жогоруда аталган кичи ГЭСтер иштеп чыгарып жаткан электр энергиясынын көлөмү күз-кыш мезгилдеринде коңшулаш мамлекеттерден импорттоо божомолдонуп жаткан электр энергиясынын 2-3%нан аз көлөмдү түзөт.

Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы товар алмашуу боюнча айтаарыбыз, Өкмөттөр аралык келишимге ылайык коңшулаш мамлекетке болжол менен 300 млн мсуу берилди, ал графикке ылайык электр энергиясы түрүндө кайтарылат. Мурда айтылган 2 млрд мсуу берилген имиш деген маалымат чындыкка коошпойт.

Улуттук энергохолдингдеги эмгек акы тууралуу билдирсек, Башкарманын Төрагасынын айлык акысы, бардык кошумча акы жана сыйлыктарды кошкондо 56 миң сомду түзөт.

Поделиться материалом
Другие материалы в категории Жаңылыктар

Бүгүн, 29-августта, Улуттук энергохолдингдин Башкармалыгынын Төрагасы Айтмамат Назаров өзүнүн бул кызматта алгачкы 100 күн аралыгында энергетика тармагын реформалоого багытталган иштери жана келе жаткан күз-кыш мезгилине даярдык тууралуу жалпыга маалымдоо каратажаттарынын өкүлдөрүнө маалымат берди.

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-августта, «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ААКнын башкармалыгынын төрагасы Айтмамат Назаровду кабыл алды.

Улуттук энергохолдингдин Башкармалыгынын Төрагасы Айтмамат Назаров “Чакан ГЭС” ААКна караштуу Аламүдүн ГЭСтер каскадына барды