Энергетиктердин командалары тармактын 85 жылдыгына арналган волейбол боюнча турнирге катышышты
Поделиться материалом
Опубликовано: 18 ноября 2019

Улуттук энергохолдингдин туунду коомдорунун арасында Кыргыз энергетикасынын 85 жылдыгын майрамдоого арналган волейбол боюнча турнир өткөрүлдү.

Бул спорттук мелдеште “Электр станциялары”, “Кыргызстандын УЭТ”, “Түндүкэлектр”, “Чыгышэлектр”, “Ошэлектр”, “Жалалабатэлектро” жана “Чакан ГЭС” ачык акционердик коомдорунун командалары катышты.

Турнирдин жыйынтыгында “Ошэлектр” компаниясынын командасы биринчи орунду ээледи, ал эми экинчи жана үчүнчү орундарды тиешелүү түрдө “Электр станциялары” ААК жана “Жалалабатэлектр” ААК алды.

Байгелүү орундарды ээлеген командалардын мүчөлөрү медалдар жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

Бул унутулгус мааракеге арналган иш-чаралар жылдын башынан бери бүткүл өлкө боюнча өткөрүлүп келе жатат. Бул мелдештер энергетиктердин көп миңдеген адамдан турган эмгек жамаатынын командалык рухун бекемдеп, өз ара колдоо көрсөтүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилөөгө багытталган.

Поделиться материалом
Другие материалы в категории Жаңылыктар

Улуттук энергохолдингдин Башкармалыгынын Төрагасы Айтмамат Назаров «Северэлектро» ААКга иш сапары менен барды

Улуттук энергохолдингдин Башкармасынын Төрагасы Айтмамат Назаров жумушчу сапар менен “Чакан ГЭС” ААКка барып, компаниянын 2019-жылдагы ишмердүүлүгүнүн алдын ала жыйынтыктары менен таанышты.

Улуттук энергохолдингдин Башкармасынын Төрагасы Айтмамат Назаров “Бишкекжылуулуктармагы” ААКтын жетекчилиги жана эмгек жамааты менен кеңешме өткөрдү.