Улуттук энергохолдингдин Башкармалыгынын Төрагасы Айтмамат Назаров Япониянын ири энергетикалык компанияларынын жетекчилери менен бир катар жолугушууларды өткөрдү
Поделиться материалом
Опубликовано: 26 ноября 2019

 

Улуттук энергохолдингдин Улуттук энергохолдингдин Башкармалыгынын Төрагасы Айтмамат Назаров кыргызстандык делегациянын Японияда болгон иш сапарынын алкагында ири энергетикалык компанияларынын жана корпорацияларынын жетекчилери менен бир катар жолугушууларды өткөрдү.

2019-жылдын 18-20-ноябрь күндөрү өткөн иш сапарынын жүрүшүндө Япониянын «Toshiba Energy Systems and Solutions», «Toshiba Plant System», «Tokyo Rope MFG Co., Ltd» и «Икагава электрик» сыяктуу ири компанияларынын жетекчилери менен жолугушуулар өткөрүлдү.

Жолугушууда, чакан ГЭСтерди куруу, атап айтканда, эки тараптуу кызматташуунун келечеги, электротехникалык жабдуулар менен камсыз кылуу маселелери (чубалгылар продукциясы жана эсептөө приборлору ж.б), талкууланды.

Ошондой эле Улуттук энергохолдингдин Улуттук энергохолдингдин Башкармалыгынын Төрагасы Япониянын ГЭСтеринин жана компанияларынын өндүрүштүк объектилеринин иши менен таанышып чыкты.

Иш сапардын жыйынтыгы боюнча Япониянын эл аралык кызматашуу агенттиги (JICA) аркылуу, (Папан, Киров жана Кара-Көл ГЭС) чакан ГЭСтерди курууга инвестициялык долобоорлодун мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу келишими, ошондой эле япон тараптын изилдөөлөрү үчүн кыргыз тараптан жогоруда көрсөтүлгөн маселелер боюнча долбоорлор сунушталуу чечими кабыл алынды.

Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш. Жеенбековдун Япониядагы иш сапарынын жыйынтыгында (2019-жылдын 20-24-октябры) эки өлкөнун ортосунда эки тараптуу экономикалык өнүгүү кызматташтыгы боюнча келишим ишке ашкан,  анын ичинде энергетика тармагын өнүктүрүү да каралган.

Поделиться материалом
Другие материалы в категории Жаңылыктар

Улуттук энергохолдингдин Башкармалыгынын Төрагасы Айтмамат Назаров «Северэлектро» ААКга иш сапары менен барды

Улуттук энергохолдингдин Башкармасынын Төрагасы Айтмамат Назаров жумушчу сапар менен “Чакан ГЭС” ААКка барып, компаниянын 2019-жылдагы ишмердүүлүгүнүн алдын ала жыйынтыктары менен таанышты.

Улуттук энергохолдингдин Башкармасынын Төрагасы Айтмамат Назаров “Бишкекжылуулуктармагы” ААКтын жетекчилиги жана эмгек жамааты менен кеңешме өткөрдү.