«Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ААК төрагасы Айтмамат Назаров “Чыгышэлектро” ААКнун Нарындагы филиалындагы район электр тармактарынын жетекчилери менен жолугушту
Поделиться материалом
Опубликовано: 02 декабря 2019

Жолугушуу учурунда Нарын облусунун калкын электр энергиясы менен камсыз кылган 7 РЭТнын башчылары он ай аралыгында аткарган жумуштарынын жыйынтыктары тууралуу отчет беришти. Андан сырткары көйгөйлөрүн айтышты. 

“Кийинки жылга карата түзүлө турган иш-планды туура түзүп, эң биринчиден ондоп-түзөө жумуштарын карап, калыбына келтиргиле. Жаңы дайындалган жетекчилерден үмүт чоң. Эски каталарды кайталабай, калкты сапаттуу электр энергиясы менен камсыз кылуу негизги талап. Өзгөчө техникалык жакка кылдат мамиле кылып, иштеп жаткан жумушчуларды окутуп, тажырыйбасын жогоруулатып туруу керек. Кийинки жылы акылдуу электр эсептегичтерин коюну пландаштыргыла”- деди төрага Айтмамат Назаров.
Мындан тышкары келерки жылы эскилиги жеткен жыгач мамычаларды, бетон мамычыларына алмаштыруу, аны менен катар “Чыгышэлектро” ААКнун Нарындагы филиалынын жоюлуусу тууралу сөз көтөрүлдү.

Поделиться материалом
Другие материалы в категории Жаңылыктар

Бүгүн, 1-сентябрда Жалал-Абад облусунун Жазы-Кечүү айылынын тургундарын электр тармактарына кошуу аземи болуп өттү. Бул калктуу конушта 150 үй-бүлө жашайт, алардын ичинен 110 үй-бүлө Базар-Коргон районунун Кызыл-Үңкүр айыл өкмөтүнүн жашоочулары болсо, 40 үй-бүлө Сузак районунун Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн жашоочулары болуп эсептелет.

Улуттук энергохолдингдин Башкармасынын Төрагасы Айтмамат Назаров алдыда турган күз-кыш мезгилине даярдыкка жана үстүбүздөгү жылдын жети айындагы энергетикалык компаниялардын ишмердигинин жыйынтыктарына арналган селектордук кеңешме өткөрдү.

Улуттук энергохолдингдин Башкармасынын Төрагасы Айтмамат Назаров, “Восток” магистралдык жылуулук тармагынын курулушунун Ахунбаев көчөсүндөгү 7-апрель көчөсү тараптан Улан микрорайонуна кире беришиндеги участкасында жумуштардын жүрүшү менен таанышты.