Улуттук энергохолдингдин Башкармасынын Төрагасы Айтмамат Назаров “Yokogawa Electric Corporation” компаниясынын делегациясы менен жолугушту.
Поделиться материалом
Опубликовано: 10 февраля 2020

Улуттук энергохолдингдин Башкармасынын Төрагасы Айтмамат Назаров, өндүрүштү автоматташтыруу жана көзөмөлдөөчү-өлчөөчү жабдуулар жаатындагы колдонмо программалык камсыздоолорду ири иштеп чыгуучу жана чыгаруучу “Yokogawa Electric Corporation” компаниясынын делегациясы менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын талкуулашып, ошондой эле жабдууларды модернизациялоо боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана энергетика объектилерин башкаруу боюнча өндүрүш процессине заманбап технологияларды киргизүү боюнча пикир алмашышты.
Башкарманын Төрагасы Айтмамат Назаров, “Yokogawa Electric Corporation” компаниясынын алдыңкы тажрыйбасы энергетика тармагындагы ишканалардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча актуалдуу милдеттерди чечүүгө мүмкүндүк берет деп ишенгендигин билдирди.
“Гидроэлектр станциялары жана жылуулук электр борборлору объекттеринде өндүрүш процесстерин башкаруу системаларын иштеп чыгуу боюнча компаниянын ийгиликтүү тажрыйбасын эске алып, энергетикалык объекттерде өндүрүштү башкаруунун заманбап системаларына алмаштыруу жана орнотуу мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгууну, жана андан ары иштетүү үчүн генерация объекттеринде аларды киргизүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоону сунуш кылабыз,” деди Айтмамат Назаров
“Yokogawa Electric Corporation” компаниясынын сатуулар боюнча менеджери Кен Фуджимото өз кезегинде бул чакыруу үчүн ыраазылык билдирип, компания кызматташууну тереңдетүүгө кызыкдар экендигин жана республикадагы энергетикалык объекттерди кыдыруунун жыйынтыгы боюнча өз кызматтарын сунуштоого даяр экендигин билдирди.
Япон компаниясынын Кыргызстанга келүүсү, 2019-жылдын ноябрында болуп өткөн Улуттук энергохолдингдин Башкармасынын Төрагасы Айтмамат Назаровдун Япониядагы эң ири энергетикалык компаниялардын жетекчилери менен жолугушууларынын натыйжасында орун алды.
Эске сала кетчү нерсе, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбековдун Японияга (2019-жылдын 20-24-ноябрларында) болгон жумушчу сапарында биздин өлкөлөрдүн ортосунда эки тараптуу экономикалык кызматташтыкты, анын ичинде энергетика тармагында өнүктүрүү тууралуу макулдашууларга жетишилген.

Поделиться материалом
Другие материалы в категории Жаңылыктар

Иш сапардын жүрүшүндө Улуттук энергохолдинг башкармасынын төрагасы Бакыт Сыдыков Бишкек шаарындагы ЖЭБдин эмгек жамааты менен жолугушуп, учурдагы көйгөйлүү маселелери менен таанышты, ошондой эле ЖЭБдин окуу борборунда да болду.

Улуттук энергетикалык холдингдин башкармасынын төрагасы Бакыт Сыдыков Башкарманын төрагасынын жаңы бекитилген орун басарлары Жолдошбек Ачикеевди жана Мирбек Маматовду эмгек жамааты менен тааныштырды.

 Улуттук энергохолдингдин башкармасынын төрагасы Бакыт Сыдыков энергетика тармагынын ардагерлери менен жолугушуп, аларды Ата Мекенди коргоо күнү менен куттуктады.