Чаткал районунун Сумсар айыл өкмөтүнө караштуу Шекафтар айылындагы эски уран калдыктары тазаланат. Мындан улам аталган жайда жайгашкан электр мамычаларды башка жерге жылдыруунун зарылдыгы пайда болду. Өткөн жуманын соңунда Улуттук энергохолдингдин Башкармалыгынын төрагасынын биринчи орун басары Абдылда Исраилов, «Жалалабатэлектро» ачык акционердик коомунун башкы директорунун биринчи орун басары Азамат Паизов, «Кыргызстан Улуттук электр тармагы» ачык акционердик коомунун башкы директорунун биринчи орун басары Алтынбек Рысбеков, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү жана бир катар тиешелүү адистер Чаткал районуна иш-сапары менен барды. Аталган жерде көп жыл мурун уран калдыктары көмүлгөн. Азыр ал аймакка жашоочулар турак-жай салып, туруктуу отурукташа башташкандыктан, урандын калдыктарынан арылуу мезгил талабы.
Маселе менен жеринен таанышкан Абдылда Исраилов электр мамычаларды жылдырууда энергетиктердин мүмкүнчүлүгүнө жараша иш жүрөрүн, ошол эле учурда жергиликтүү калктын ден-соолугу маанилүү экенин билдирип, абал менен жакындан таанышты.
«Кыргызстан Улуттук электр тармагы» ачык акционердик коомуна караштуу жогорку чыңалуудагы электр тармактарынын Жалал-Абаддагы ишканасынын жогорку чыңалуудагы 110 кВ “Сардор-Шекафтар”, жогорку чыңалуудагы 110 кВ “Шекафтар-Алабука” электр берүү чубалгылары, “Жалалабатэлектро” ачык акционердик коомуна тиешелүү 35 кВ «Шекафтар-Жаңы-Базар» жана «Ажек» аба чубалгысындагы №1, 2, 4, 5 Анкердик электр мамычалар ордуларынан жылдырылат, ошону менен бирге кошумча анкердик электр мамычалар курулат.
Аталган айылда жалпысынан 5000ден ашуун калк жашайт. Жергиликтүү жашоочулар, эски урандын калдыктарын тазалоону суранып, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине кайрылышкан.
Жыйынтыгында, тиешелүү адистер атайын долбоор даярдашмай болду, андан кийин үстүбуздөгү жылдын май айларында электр мамычаларды жылдыруу жумуштары башталат.