Электр энергиясына 10 тариф киргизүү боюнча Улуттук энергохолдингдин позициясы
Поделиться материалом
Опубликовано: 12 февраля 2020

Улуттук энергохолдинг, Экономика министрлигине караштуу Экономикалык саясатты изилдөө институтунун директору Алмаз Исановдун мурунку күнү айтып чыккан энергетика тармагына байланышкан бир катар сунуштарын айран-таң калуу менен кабыл алгандыгын белгилейт.

Баарынан мурда белгилей кетчү нерсе, тиричилик кардарлары үчүн электр энергиясына болгон тарифтер социалдык багытталган болуп, берилген эсептерди калктын аз камсыз болгон бөлүгүнүн төлөө мүмкүнчүлүктөрүн эске алат.  Иштеп чыгарылган электр энергиясынын 70 пайызга жакыны тиричилик кардарлары тарабынан керектелет.

Азыркы учурга, керектөөчүлөрдүн болгону 15 пайызы гана “акылдуу эсептегичтер” менен камсыздалган, бул болсо, энергетикалык тутумга жүктөмдүн чегине жеткен сааттарында керектөөнүн айырмачылыгын жөнгө сала ала турган көп баскычтуу тарифтерди киргизүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарат.

Улуттук энергохолдингдин пландарына ылайык, жакынкы үч жылдын ичинде бардык кардарлар үчүн ЭКЭАТ/АСКУЭ эсептегичтерин орнотуу күтүлүүдө.  Ошондой болгон учурда гана, сутканын ар кандай мезгилинде электр энергиясын керектөөнү көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк пайда болот.

Алмаз Исановдун башка бир сунушу болуп, “ГЭСтин плотинасын суу менен толтуруу үчүн насосторду колдонуу” эсептелет.  Мындай практика, электр энергиясын иштеп чыгуудагы сутка ичиндеги айырмачылыктарды теңдештирүү үчүн колдонулуучу гидроаккумуляциялык электр станциялары (ГАЭС) курулган өлкөлөрдө колдонулат. Мындай усул, электр энергиясы, энергияны керектөөнүн түнкү кыскаруусу учурунда электр энергиясын иштеп чыгууну тез төмөндөтө албай турган жылуулук жана атомдук электр станцияларында иштелип чыккан шарттарда өзүн актайт.

Электр энергиясынын 90 пайызы ГЭСтерде иштелип чыккан Кыргызстанда, насостордун иштөөсү үчүн чыгымдалуучу электр энергиясы экономикалык жактан эч кандай пайда алып келбейт жана негизсиз чыгымдарга алып келет. 1 кВт/саат электр энергиясын иштеп чыгуу үчүн 1,3 кВт/саат электр энергиясын коротууга туура келет.

Алмаз Исанов ошондой эле тармактын өнүгүүсүнө тоскоол болуп жаткан коррупционерлерди айтып өттү.  Эгерде, энергетикадагы кээ бир адамдардын коррупциялык аракеттерин күбөлөндүргөн далилдери болсо, Экономикалык саясатты изилдөө институтунун директору укук коргоо органдарына кайрылуусун суранабыз.

Улуттук энергохолдинг конструктивдүү сунуштар үчүн өзүнүн ачык экендигин баса белгилейт, жана анык эмес фактыларды, негизсиз айыптоолорду жана эч кандай экономикалык негиздери жок сөздөрдү таратуудан карманууга чакырат.

Поделиться материалом
Другие материалы в категории Жаңылыктар

Иш сапардын жүрүшүндө Улуттук энергохолдинг башкармасынын төрагасы Бакыт Сыдыков Бишкек шаарындагы ЖЭБдин эмгек жамааты менен жолугушуп, учурдагы көйгөйлүү маселелери менен таанышты, ошондой эле ЖЭБдин окуу борборунда да болду.

Улуттук энергетикалык холдингдин башкармасынын төрагасы Бакыт Сыдыков Башкарманын төрагасынын жаңы бекитилген орун басарлары Жолдошбек Ачикеевди жана Мирбек Маматовду эмгек жамааты менен тааныштырды.

 Улуттук энергохолдингдин башкармасынын төрагасы Бакыт Сыдыков энергетика тармагынын ардагерлери менен жолугушуп, аларды Ата Мекенди коргоо күнү менен куттуктады.