Башкарманын Төрагасынын биринчи орун басары Абдылда Исраилов жыл сайын өтүүчү “Гидроэнергетика Каспий жана Борбордук Азия 2020” эл аралык конгресс-көргөзмөдө презентация жасады
Поделиться материалом
Опубликовано: 19 февраля 2020

Башкарманын Төрагасынын биринчи орун басары Абдылда Исраилов жыл сайын өтүүчү “Гидроэнергетика Каспий жана Борбордук Азия 2020” эл аралык конгресс-көргөзмөдө презентация жасады.

Ал өз сөзүндө Кыргыз Республикасынын энергетика сектору, анын өнүгүү перспективалары жана өлкөнүн гидроэнергетикалык потенциалы тууралуу баяндап берди.

Ошондой эле, Абдылда Исраилов Камбарата-1 ГЭСин, Жогорку-Нарын ГЭСтер каскадын, Сары-Жаз ГЭСтер каскадын, Көкөмерен ГЭСтер каскадын, Казарман ГЭСтер каскадын, Кара-Кече жылуулук электр станциясын, кичи ГЭСтерди жана Күн электр станцияларын куруу сыяктуу эң бир маанилүү жана инвестициялоого ыңгайлуу долбоорлорго кеңири токтолду.

Презентациянын аягында өнүгүүгө чоң потенциалы бар Кыргызстандын энергетикалык долбоорлоруна билдирилген кызыгуулар үчүн ыраазылык билдирип, бардык кызыкдар тараптарды энергетикалык секторго инвестиция жасоо маселелерин да, өлкөнүн гидро энергетикалык потенциалын кошумча изилдөө маселелерин да карап чыгууга жана кызматташууга чакырды.

Поделиться материалом
Другие материалы в категории Жаңылыктар

Иш сапардын жүрүшүндө Улуттук энергохолдинг башкармасынын төрагасы Бакыт Сыдыков Бишкек шаарындагы ЖЭБдин эмгек жамааты менен жолугушуп, учурдагы көйгөйлүү маселелери менен таанышты, ошондой эле ЖЭБдин окуу борборунда да болду.

Улуттук энергетикалык холдингдин башкармасынын төрагасы Бакыт Сыдыков Башкарманын төрагасынын жаңы бекитилген орун басарлары Жолдошбек Ачикеевди жана Мирбек Маматовду эмгек жамааты менен тааныштырды.

 Улуттук энергохолдингдин башкармасынын төрагасы Бакыт Сыдыков энергетика тармагынын ардагерлери менен жолугушуп, аларды Ата Мекенди коргоо күнү менен куттуктады.