Улуттук энергохолдингдин Башкармасынын Төрагасы Айтмамат Назаров: “Гидроэнергетика – бул өлкөнүн экономикасынын жана экспорттук потенциалынын негизи болгон Кыргызстандын өнөр жайынын стратегиялык тармагы”
Поделиться материалом
Опубликовано: 19 февраля 2020

Улуттук энергохолдингдин Башкармасынын Төрагасы Айтмамат Назаров жыл сайын өтүүчү “Гидроэнергетика Каспий жана Борбордук Азия 2020” аталыштагы эл аралык конгресс-көргөзмөдө катышып, анда куттуктоо сөз сүйлөдү.

Ал өз сөзүндө уюштуруучуларга ыраазылык билдирип, мындай кеңири масштабдагы иш-чараны биздин өлкөдө өткөрүү региондогу энергетиканын деңгээлин көтөрүүгө түрткү берээрин белгиледи.

“Азыркы замандагы дүйнөдө энергетикалык тармактын ролу тынымсыз өсүүдө.  Өзгөчө XXI кылымда өнөр жай өндүрүшү озунган темптер менен өсүүдө, санариптештирүү жүрүп жатат, уюлдук байланыш жана интернет өнүгүүдө.  Мунун баарына электр кубатысыз жетүү мүмкүн эмес. Энергетикадагы бул маселеге ар бир мамлекетте жана бүт дүйнөдө өзгөчө роль берилет.” -  деп Айтмамат Назаров айтып, гидроэнергетика – бул өлкөнүн экономикасынын жана экспорттук потенциалынын негизи болгон Кыргызстандын өнөр жайынын стратегиялык тармагы экендигин баса белгиледи.

“Кыргыз Республикасынын энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуунун негизги фактору болуп, жүргүзүлүп жаткан иштердин натыйжалуулугунан көз каранды болгон энергетика тутумунун туруктуу иштөөсү эсептелет.  Өлкөнүн энергетикалык объекттерин кайра куруу жана модернизациялоо боюнча бир катар долбоорлорду ишке ашыруу боюнча, ошондой эле ири гидроэлектр станцияларын курууга инвестицияларды тартуу боюнча комплекстүү иштер өлкөдө жигердүү жүрүп жатат,” – деди Улуттук энергохолдингдин Башчысы.

Анын сөзү боюнча, эң масштабдуу жана дымактуу долбоорлорду максималдуу натыйжалуулук менен ишке ашырууга мүмкүндүк берүүчү практикалык милдеттерди чечүү, топтолгон билимдерди, тажрыйбаларды жана мүмкүнчүлүктөрдү бириктирүүгө мүмкүнчүлүк берүүчү эксперттердин диалогусуз мүмкүн эмес.  Айтмамат Назаров, Форум конструктивдүү жана ишкер жагдайда өтөрүнө жана анын чечимдери практикалык жактан ишке ашуусуна ишенгендигин билдирди.

Поделиться материалом
Другие материалы в категории Жаңылыктар

Иш сапардын жүрүшүндө Улуттук энергохолдинг башкармасынын төрагасы Бакыт Сыдыков Бишкек шаарындагы ЖЭБдин эмгек жамааты менен жолугушуп, учурдагы көйгөйлүү маселелери менен таанышты, ошондой эле ЖЭБдин окуу борборунда да болду.

Улуттук энергетикалык холдингдин башкармасынын төрагасы Бакыт Сыдыков Башкарманын төрагасынын жаңы бекитилген орун басарлары Жолдошбек Ачикеевди жана Мирбек Маматовду эмгек жамааты менен тааныштырды.

 Улуттук энергохолдингдин башкармасынын төрагасы Бакыт Сыдыков энергетика тармагынын ардагерлери менен жолугушуп, аларды Ата Мекенди коргоо күнү менен куттуктады.