Электр энергиясына болгон тарифтерди көтөрүү боюнча айтылган пикирге карата Улуттук энергохолдингдин түшүндүрмөсү
Поделиться материалом
Опубликовано: 20 февраля 2020


Электр энергиясына болгон тарифтерди кайра карап чыгуу маселеси күн тартибинде жок. Тарифтерди көтөрүү боюнча айтылган пикир боюнча белгилей кетчү нерсе, “Гидроэнергетика Борбордук Азия жана Каспий” конгрессти өткөрүүнүн алкагында энергетика секторунун перспективалык өнүгүүсү, тармактын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу жана кичи гидроэнергетика боюнча маанилүү маселелер талкууланды.

Конгресстин катышуучулары жана потенциалдуу инвесторлор тарабынан учурдагы тарифтер инвестициялык салымдарды каптабай жаткандыгына тынчсыздануусун билдиргендиктен, тармактын инвестициялык жагымдуулугун көтөрүү үчүн болочок тарифтерди реформалоонун механизмдери боюнча маселелер көтөрүлдү.

Конгресстин катышуучуларынын суроолоруна жооп берип жатып, Улуттук энергохолдингдин өкүлдөрү тарифтерди орто мөөнөттүү жөнгө салуу жаатында келечектеги өзгөрүүлөр тууралуу пикирин билдирген.

Эске сала кетчү нерсе, энергетика тармагында тарифтик саясатты жүргүзүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан ишке ашырылат.

Поделиться материалом
Другие материалы в категории Жаңылыктар

Иш сапардын жүрүшүндө Улуттук энергохолдинг башкармасынын төрагасы Бакыт Сыдыков Бишкек шаарындагы ЖЭБдин эмгек жамааты менен жолугушуп, учурдагы көйгөйлүү маселелери менен таанышты, ошондой эле ЖЭБдин окуу борборунда да болду.

Улуттук энергетикалык холдингдин башкармасынын төрагасы Бакыт Сыдыков Башкарманын төрагасынын жаңы бекитилген орун басарлары Жолдошбек Ачикеевди жана Мирбек Маматовду эмгек жамааты менен тааныштырды.

 Улуттук энергохолдингдин башкармасынын төрагасы Бакыт Сыдыков энергетика тармагынын ардагерлери менен жолугушуп, аларды Ата Мекенди коргоо күнү менен куттуктады.