Башкарманын Төрагасы Айтмамат Назаров Энергетиканын ардагерлер кеңешиндеги аялдар менен жолугушту
Поделиться материалом
Опубликовано: 06 марта 2020


Улуттук энергохолдингдин Төрагасы Айтмамат Назаров, Аялдардын эл аралык күнүнүн алдында өз өмүрүн тармакты өнүктүрүүгө арнаган энергетик-аялдар менен жолугушту. Жолугушуу учурунда энергетиканын ардагерлери өздөрүнүн кадыресе жумуш күндөрү, басып өткөн өмүр жолу тууралуу эскерүүлөрү жана энергетиканын келечеги тууралуу өз көрүмү менен бөлүшүп, ак тилектерин билдиришти.
Өз кезегинде, Айтмамат Назаров баса белгилегендей, энергетиканын ардагерлеринин өз жанын аябаган эмгегинин, алардын кесипкөйлүгүнүн жана уюшкан иштеринин натыйжасында өлкөнүн экономикасынын негизи болгон энергетика тармагы түзүлгөн.
“Биздин энергетиктердин улуу муундары, биз үчүн сыймык жана көптөгөн жаш адистер үчүн үлгү болуп эсептелет. Сиздер энергетиканын өнүгүүсүнө баа жеткис салым коштуңуздар. Энергетиктердин көп миңдеген жамаатынын атынан Сиздерге алкыш жана ыраазылык сөздөрүн айткым келет”, - деди Улуттук энергохолдингдин башчысы.
Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча, Айтмамат Назаров ардагерлерге 8-арт майрамына карата символикалуу белектерди тапшырып, аларга бекем ден-соолук, бакыт жана бакубаттуулук каалады.
Жолугушууда тармакты өнүктүрүү максатында көптөгөн энергетиктердин катарында эмгектенген Сапия Асанкулова, Светлана Волкова, Дамира Шаймергенова, Светлана Ефименко, Кульжазира Наматова, Людмила Понедельникова, Людмила Селюгина, Зоя Ткаченко катышышты.

Поделиться материалом
Другие материалы в категории Жаңылыктар

Иш сапардын жүрүшүндө Улуттук энергохолдинг башкармасынын төрагасы Бакыт Сыдыков Бишкек шаарындагы ЖЭБдин эмгек жамааты менен жолугушуп, учурдагы көйгөйлүү маселелери менен таанышты, ошондой эле ЖЭБдин окуу борборунда да болду.

Улуттук энергетикалык холдингдин башкармасынын төрагасы Бакыт Сыдыков Башкарманын төрагасынын жаңы бекитилген орун басарлары Жолдошбек Ачикеевди жана Мирбек Маматовду эмгек жамааты менен тааныштырды.

 Улуттук энергохолдингдин башкармасынын төрагасы Бакыт Сыдыков энергетика тармагынын ардагерлери менен жолугушуп, аларды Ата Мекенди коргоо күнү менен куттуктады.