Энергетикалык компанияларга массалык иш-чараларды өткөрүүдөн кармануу сунушталды
Поделиться материалом
Опубликовано: 12 марта 2020

Улуттук энергохолдинг билдиргендей, Кыргыз Республикасынын аймагына коронавирустун кирүүсүн жана анын андан ары таралуусун алдын алуу боюнча Республикалык штабдын чечиминин негизинде, 2020-жылдын 27-февралынан тартып, республиканын бүткүл аймагында жакын арага пландалган маданий-массалык, спорттук жана башка иш-чаралар токтотулду.

Жогорудагыларга байланыштуу, Улуттук энергохолдинг туунду коомдорго массалык иш-чараларды өткөрүүдөн карманууну көптөн-көп сунуштады, жана коронавирус инфекциясынын таралуусун алдын алуу максатында санитардык ченемдерди камсыз кылууга багытталган иш-чараларды, анын ичинде коомдук жайларда тазалоо жана дезинфекциялоо өткөрүүнүн зарылдыгын белгиледи.

Келүүчүлөрдүн топтолуусу байкалган бардык сатуу бөлүмдөрүндө, Калкты тейлөө борборлорунда, кассаларда, башка жайларда жана залдарда санитайзерлердин, дезинфекциялоочу каражаттардын жана аба тазалагычтардын болуусун камсыз кылууга көрсөтмө берилди.

 

 

 

 

Поделиться материалом
Другие материалы в категории Жаңылыктар

Иш сапардын жүрүшүндө Улуттук энергохолдинг башкармасынын төрагасы Бакыт Сыдыков Бишкек шаарындагы ЖЭБдин эмгек жамааты менен жолугушуп, учурдагы көйгөйлүү маселелери менен таанышты, ошондой эле ЖЭБдин окуу борборунда да болду.

Улуттук энергетикалык холдингдин башкармасынын төрагасы Бакыт Сыдыков Башкарманын төрагасынын жаңы бекитилген орун басарлары Жолдошбек Ачикеевди жана Мирбек Маматовду эмгек жамааты менен тааныштырды.

 Улуттук энергохолдингдин башкармасынын төрагасы Бакыт Сыдыков энергетика тармагынын ардагерлери менен жолугушуп, аларды Ата Мекенди коргоо күнү менен куттуктады.