Улуттук энергохолдингдин Башкармасынын Төрагасы Айтмамат Назаров Нарын шаарынын жашоочусу, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Тукеш Токтомушев менен жолугушту.
Төрага ардагердин үйүндө мейманда болуп, аны менен баарлашты. Ардагер согуш жылдары жана өз өмүр жолу тууралуу эскерүүлөрү менен бөлүштү.
97 жаштагы Тукеш Токтомушев айтып бергендей, ал аскер кызматына 17 жашында чакырылган, андан кийин 1942-жылда Томск шаарына жөнөтүлүп, ал жерде аскердик даярдык курсунан өткөн, жарадар болуп, госпиталда жатып чыккандан кийин, 1944-жылда кайрадан фронтко жөнөгөн. 1945-жылы Ыраакы Чыгыш фронтунда кызмат кылып жүргөндө ден соолугунун абалы боюнча демобилизацияланып, кичи мекенине жөнөтүлүп, ал жерде оорукта эмгектенген.
Ардагер ошондой эле аялы экөө 8 баланы тарбиялап өстүрүп, 34 небере, 28 чебере жана 4 кыбыралуу болгондугун белгиледи.
Айтмамат Назаров белгилегендей, өлкөбүздүн эркиндиги жана келечеги үчүн баа жеткис эрдик көрсөткөн Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин турмуш жолу, баатырдыгы жана эр жүрөктүгү эч качан унутта калбоосу керек.
“Биздин тарыхыбыздын эң кайгылуу жылдарында эрдик жана баатырдык көрсөткөн ардагерлерибиз менен биз сыймыктанабыз. Биздин милдетибиз –курман болгондордун элесин терең урматтап сыйлоо, жана улуу жеңиш үчүн айгышкан күрөштө туруштук берип кайтып келгендерге камкордук кылуу”, - деп баса белгиледи Айтмамат Назаров.
Улуттук энергохолдингдин Башкармасынын Төрагасы Тукеш Токтомушевге белек берип, өзүнүн атынан жыл сайын көмүр менен камсыз кылууга жана электр энергиясынын эсептерин төлөп берүүгө убада берди.