Улуттук энергохолдингде өзгөчө кырдаал режими учурунда энергетикалык компаниялардын ишмердигин координациялоо боюнча штаб түзүлдү
Поделиться материалом
Опубликовано: 23 марта 2020

Улуттук энергохолдингдин Башкармасынын Төрагасы Айтмамат Назаров бардык энергетикалык компаниялардын жетекчилери менен селектордук кеңешме өткөрдү.

Кеңешменин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын аймагына коронавирусту алып кирүү жана андан ары жайылтууга жол бербөө жана бардык керектөөчүлөрдү, анын ичинде өзгөчө кырдаал режиминин алкагында түзүлгөн объекттерди электр менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу боюнча Республикалык штабдын сунуштарын кыйшаюусуз аткаруу милдеттери коюлду.

“Диспетчердик, авариялык-калыбына келтирүү кызматтары жана оңдоп-түзөө бригадалары күчөтүлгөн режимде иштөөсү зарыл.  Калк, социалдык объекттер жана мамлекеттик мекемелер электр энергиясы менен камсыз болуусу керек.  Карантин жарыяланган аймактарда өчүрүүлөргө жол бербөө үчүн пландалган оңдоп-түзөө иштерин токтото туруу зарыл”, - деп айтты Улуттук энергохолдингдин Башчысы.

Айтмамат Назаров ошондой эле бардык кызматкерлерди вирустан коргонуу каражаттары менен камсыз кылууга жана имараттар менен курулмаларды, компаниялардагы жумушчу орундарын кылдаттык менен санитардык иштөөдөн өткөрүүгө өзгөчө көңүл бурду.

“Компанияларда вирустун таралуу тобокелдигин жокко чыгаруу үчүн биз бардык аракеттерди камсыздообуз керек.  Административдик кызматкерлердин көпчүлүк бөлүгүн үйдө олтуруп аралыктан иштөөгө өткөрүүнү сунуш кылабыз.  Ал эми өндүрүш ишмердүүлүгүнө тартылган кызматкерлерди унаа жана ысык тамак менен камсыз кылуу зарыл”, - деп белгиледи Айтмамат Назаров.

Мындан тышкары, мүмкүн болуучу штаттан тышкаркы абалдарга ыкчам мамиле көрсөтүү максатында, өзгөчө кырдаал режиминде энергетикалык компаниялардын ишмердигин координациялоо боюнча штаб түзүү боюнча чечим кабыл алынды.  Бул штаб сутка бою тармактын туруктуу иштөөсүнө мониторинг жүргүзүп, коюлган тапшырмалардын аткарылышын көзөмөлгө алат.

Поделиться материалом
Другие материалы в категории Жаңылыктар

Бүгүн, Улуттук энергохолдингдин Башкармасынын Төрагасы Айтмамат Назаровдун Улуттук энергохолдингдин ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктарына арналган басма-сөз конференциясы болуп өттү.

Улуттук энергохолдингдин Башкармалыгынын Төрагасы Айтмамат Назаров “Жалалабатэлектро” ачык акционердик коомунун Калкты тейлөө борборлорунун ачылышана катышты

Компания темир-бетон мамыларын сатып алууда бир топ кыйынчылыктарга дуушар болуп келген. Тендердик сынактын негизинде уткан жеткирүүчүлөрдүн продукцияларынын сапатынын начар болгондугунан тендерлер бузулуп, ага кошумча, уткан жеткирүүчүлөр мамычаларын убагында жеткирип бере албай, кабыл алган план-тапшырмалардын аткарылышын тобокелге салган учурлар көп болгон. Ушундай абалдан чыгуу үчүн, компанияда мамычаларды өндүрүү чечими кабыл алынган.