Бөлүштүрүүчү энергетикалык компаниялар жер-жерлерде электр эсептегичтердин көрсөткүчтөрүн тескөөчүлөр тарабынан алынуусун токтото туруу боюнча акцияны баштоодо
Поделиться материалом
Опубликовано: 23 марта 2020

Улуттук энергохолдинг белгилегендей, коронавирус (COVID-19) ылаңынын мындан ары жайылуусуна байланышкан тобокелдиктерди кыскартуу жана электр энергиясын керектөөчүлөр менен түздөн-түз катнашууну жокко чыгаруу максатында, электр эсептегичтердин көрсөткүчтөрүн контролерлорго уюлдук телефон жана интернет аркылуу алдын ала билдирүүнү сунуштайт.

Эгерде өз убагында билдирүүгө мүмкүнчүлүк болбосо, керектелген электр энергиясы үчүн төлөмдү эсептөө 2019-жылдын март айындагы орточо керектөө өлчөмүндө жүргүзүлөт, андан ары телефон, интернет, бөлүштүрүүчү компаниянын call-борбору аркылуу кардардын билдирген көрсөткүчтөрүнүн негизинде оңдолот.

Ошондой эле, Улуттук энергохолдинг электр эсептегичтердин көрсөткүчтөрүн уюлдук байланыш же интернет аркылуу контролерлорго маалымдоону сунуштайт.

Эгерде, электр эсептегичтердин көрсөткүчтөрүн өз убагында контролерлорго айтылбай калса анда электр энергиясын бир айдын орточо колдонусу менен эсептелинет.

Орточо айлык керектөө боюнча кардарлар төлөгөн төлөмдөр кийин жетишсиз болуп чыкса, алар электр менен жабдуудан өчүрүлбөйт, ошондой эле ал кардарларга туум эсептелбейт.  Ошону менен бирге белгилеп кетээрибиз, кардарлар энергия менен жабдуу боюнча өздөрү кызыккан бардык маселелер боюнча диспетчердик кызматтарга, Калкты тейлөө борборлоруна жана энергетикалык компаниялардын call-борборлоруна кайрыла алышат.  Белгилей кетчү нерсе, республиканын бардык аймактарындагы бөлүштүрүүчү компаниялар калктын электр эсептегичтеринин көрсөткүчтөрүн алып, андан ары эсеп-билдирмелерди таратып берүү жолу менен иштеп келишет.  Орточо бир тескөөчү күнүнө 100дөн 300гө чейин үйлөрдү жана батирлерди кыдырып чыгат.  Ушундай шарт коронавирус (COVID-19) илдетинин болжолдуу таралуусуна тобокелдик жаратуусу мүмкүн.

Маалымдама: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012.22.08 №576-токтому менен бекитилген Электр энергиясын колдонуу эрежелеринде керектөөчүгө орточо айлык керектөө боюнча төлөм документин жазып берүү мүмкүнчүлүгү каралган.

Поделиться материалом
Другие материалы в категории Жаңылыктар

Бүгүн, Улуттук энергохолдингдин Башкармасынын Төрагасы Айтмамат Назаровдун Улуттук энергохолдингдин ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктарына арналган басма-сөз конференциясы болуп өттү.

Улуттук энергохолдингдин Башкармалыгынын Төрагасы Айтмамат Назаров “Жалалабатэлектро” ачык акционердик коомунун Калкты тейлөө борборлорунун ачылышана катышты

Компания темир-бетон мамыларын сатып алууда бир топ кыйынчылыктарга дуушар болуп келген. Тендердик сынактын негизинде уткан жеткирүүчүлөрдүн продукцияларынын сапатынын начар болгондугунан тендерлер бузулуп, ага кошумча, уткан жеткирүүчүлөр мамычаларын убагында жеткирип бере албай, кабыл алган план-тапшырмалардын аткарылышын тобокелге салган учурлар көп болгон. Ушундай абалдан чыгуу үчүн, компанияда мамычаларды өндүрүү чечими кабыл алынган.