Жалал-Абад облусунун Жазы-Кечүү айылы 1-сентябрда электр энергиясы менен камсыз болот
Поделиться материалом
Опубликовано: 08 июня 2020

Жалал-Абад облусунун Жазы-Кечүү айылы 1-сентябрда электр энергиясы менен камсыз болот
Улуттук энергохолдинг башкармалыгынын Төрагасы Айтмамат Назаров Базар-Коргон районунун Кызыл-Үңкүр айыл өкмөтүнө караштуу Жазы-Кечүү айылында калкты электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн алгачкы электр мамычаны орнотууга катышты.
“Союз мезгилинен бери бул айылды электрлештирүү маселелеси чечилбей келген. Өткөн жылы атайын Жазы-Кечүү айылында болгонмун. Анда биз маселени чечүү үчүн бир нече вариантын карап көргөнбүз. Бардыгын пландап, биз мына азыр жумушту баштадык. Бул долбоордо 18 чакырым аба чубалгысы тартылат, «Жалалабатэлектро» ААКнын эсебинен каржыланат. Биз өткөн айда компаниянын базасында электр мамыча чыгара турган цехтин ачылуу аземине катышканбыз. Ал жерден өндүрүлгөн мамычалар ушул айылга багытталат.Үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрында бул айыл электр энергиясы менен камсыз болот деп күтүүдөбүз”, - деп белгиледи Айтмамат Назаров.
Андан соң А. Назаров өзүнүн белгилөөсүндө КРнын Президенти Сооронбай Жээнбеков электр жарыгы жетпеген бир нече айылдарды электрлештирүү тапшырмасын койгон.
Долбоордун жалпы суммасы 25 млн.сомду түзөт. «Жалалабатэлектро» ААКоому өз каражатына курат.
Белгилей кетүүчү жагдай, айыл райондун борборунан 100 чакырым алыс жайгашкан. Бул айылда 101 түтүн 500гө жакын эл жашайт. Ал эми ушул айылдын четинде 36 түтүн отурукташкан, алар Сузак районунун Кызыл-Туу айыл өкмөтүнө карайт. Жалпысынан 137 түтүн электр энергияга муктаж.

Поделиться материалом
Другие материалы в категории Жаңылыктар

Бүгүн, 1-сентябрда Жалал-Абад облусунун Жазы-Кечүү айылынын тургундарын электр тармактарына кошуу аземи болуп өттү. Бул калктуу конушта 150 үй-бүлө жашайт, алардын ичинен 110 үй-бүлө Базар-Коргон районунун Кызыл-Үңкүр айыл өкмөтүнүн жашоочулары болсо, 40 үй-бүлө Сузак районунун Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн жашоочулары болуп эсептелет.

Улуттук энергохолдингдин Башкармасынын Төрагасы Айтмамат Назаров алдыда турган күз-кыш мезгилине даярдыкка жана үстүбүздөгү жылдын жети айындагы энергетикалык компаниялардын ишмердигинин жыйынтыктарына арналган селектордук кеңешме өткөрдү.

Улуттук энергохолдингдин Башкармасынын Төрагасы Айтмамат Назаров, “Восток” магистралдык жылуулук тармагынын курулушунун Ахунбаев көчөсүндөгү 7-апрель көчөсү тараптан Улан микрорайонуна кире беришиндеги участкасында жумуштардын жүрүшү менен таанышты.