Улуттук энергохолдингдин Башкармасынын Төрагасы Айтмамат Назаров депутаттык комиссиянын мүчөлөрүн күз-кыш мезгилине даярдыктын жүрүшү менен тааныштырды
Поделиться материалом
Опубликовано: 16 июня 2020

12-июнда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, Улуттук энергохолдингдин туунду компаниясы болгон “Электр станциялары” ААКтын объектилери болгон Камбарата-2 ГЭСи жана Токтогул ГЭСи менен таанышуу сапарында болушту.  Анын жүрүшүндө Улуттук энергохолдингдин Башкармасынын Төрагасы Айтмамат Назаров депутаттык комиссиянын мүчөлөрүн ККМге даярдыктын жүрүшү, ири энергетикалык долбоорлордун азыркы абалы жана аларды ишке ашыруунун жүрүшү менен тааныштырды.

Комиссия жүргүзүлүп жаткан оңдоп-түзөө иштери менен жеринде таанышты.

“Электр станциялары” ААКтын филиалдарында жабдууларды күз-кыш мезгилинде иштөөгө жигердүүлүк менен даярдоо улантылып жатат.  Оңдоп-түзөө программасын ишке ашырууга каражаттар компаниянын бюджетинен жумшалып жатат.

Филиалдын 2020-жылга түзүлгөн оңдоп-түзөө программасынын негизги иш-чаралары негизги жабдууларды капиталдык оңдоону ишке ашырууга байланышкан.

Үстүбүздөгү жылдын беш айында филиалдын адистери негизги жана көмөкчү жабдууларды кезектеги оңдоодон өткөрүштү.

Бардык иштер графикке ылайык, коронавирус илдетинен сактануу боюнча эрежелерди так сактоо менен жүргүзүлүп жатат.

Убактылуу депутаттык комиссия Улуттук энергохолдингдин жана анын туунду коомдорунун ишмердүүлүгүнө тиешелүү айтылган маалыматтардын чын-төгүнүн изилдөө максатында түзүлгөн.

Поделиться материалом
Другие материалы в категории Жаңылыктар

Улуттук Энергохолдингдин Башкармасынын Төрагасы Нурбек Козубеков баштаган эмгек жамааты Төмөнкү-Чүй адистештирилген мектеп-интернатынын тарбиялануучуларына барып, Жаңы жылдын алдында белектерин тапшырышты.

                                        Урматтуу энергетиктер, ардактуу тармактын ардагерлери!

          Сиздерди кесиптик майрамыңыздар - Кыргыз Республикасынын Энергетиктер күнү менен куттуктайм.

Бүгүн, 21-декабрь Энергетиктер күнүнүн алдында, Ат-Башы ГЭСинин No3 гидроагрегаты ишке киргизилди.