Улуттук энергохолдингдин туунду компаниялары күз-кыш мезгилине даярдык иштерин улантууда
Поделиться материалом
Опубликовано: 03 июля 2020

Жалпыга маалым болгондой ушул жылдын 22-март күнү COVID-19 пандемиясынын айынан өлкөбүздө түзүлгөн кырдаалга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бир айлык өзгөчө кырдаал мезгили киргизилип карантин жарыяланган. 

Бул мезгилде калкты жана калктын жашоо-тиричилигине эң маанилүү деген социалдык объектилерди үзгүлтүксүз электр жана жылуулук энергиялары менен камсыздоо максатында жана мектеп окуучулардын, студенттердин онлайн режиминде билим алуусуна шарт түзүү максатында Улуттук энергохолдинг тарабынан буйрук чыгарылып, өзүнүн карамагындагы энергокомпанияларга тиешелүү тапшырмалар берилген. Ага ылайык, жыл башында бекитилген электр жана жылуулук тармактарын ремонттоо, капиталдык курулуш жана реконструкциялоо боюнча пландык жумуштарын  убактылуу токтотуп туруу, дебитордук карыздары болгон учурда да өчүрбөө, карыздарга эсептелүүчү туумдарды токтотуп туруу сыяктуу бир катар тапшырмалар берилген.

Өлкөбүздө мектептерде, орто жана жогорку жайларда окуу мезгили толук аяктаган күндөн тартып, электр жана жылуулук бөлүштүрүүчү компанияларында  ремонттоо, капиталдык курулуш жана реконструкциялоо боюнча пландык жумуштар кайрадан башталып азыркы мезгилде кызуу уланууда. Бул жумуштар албетте электр энергиясын берүүнүн убактылуу үзгүлтүккө учуроосун шарттайт. Бөлүштүрүүчү электр компаниялардын маалымат кызматтары тарабынан боло турган пландык өчүрүүлөр жөнүндө ЖМК, социалдык тармактар жана расмий сайт аркылуу керектөөчүлөргө тиешелүү маалыматтар берилүүдө.

Ал эми авариялык өчүүлөр болгон учурда район, шаарлардагы электр тармактар  ишканасында нөөмөттө турган бригадалар ыкчам аракеттеринин негизинде авариялык өчүүлөрдү мүмкүн болушунча аз убакытта калыбына келтирүү чараларын көрүүдө.

       

Поделиться материалом
Другие материалы в категории Жаңылыктар

Улуттук Энергохолдингдин Башкармасынын Төрагасы Нурбек Козубеков баштаган эмгек жамааты Төмөнкү-Чүй адистештирилген мектеп-интернатынын тарбиялануучуларына барып, Жаңы жылдын алдында белектерин тапшырышты.

                                        Урматтуу энергетиктер, ардактуу тармактын ардагерлери!

          Сиздерди кесиптик майрамыңыздар - Кыргыз Республикасынын Энергетиктер күнү менен куттуктайм.

Бүгүн, 21-декабрь Энергетиктер күнүнүн алдында, Ат-Башы ГЭСинин No3 гидроагрегаты ишке киргизилди.