Улуттук энергохолдинг бөлүштүрүүчү компанияларга саламаттык сактоо тармагынын бүт объектилерин электр энергия менен камсыздоону өзгөчө күчөтүлгөн тартипте жүргүзүүнү тапшырды
Поделиться материалом
Опубликовано: 09 июля 2020

Коронавирус инфекциясы менен күрөш жүргүзүүнүн алкагында, Бишкек,Ош ж.б аймактарда ар кандай мекемелердин базасында кошумча орундук койкалар ачылып, медициналык жардамдар көрсөтүлүүдө.  Жарандардын ден-соолугуна байланыштуу, күндүзгү стационардык борборлор ачылды. Буга байланыштуу бардык объектилер үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз болушу зарыл.

Бөлүштүрүүчү компаниялардын жетекчилери менен, Улуттук энергохолдинг башкармалыгынын Төрагасынын биринчи орун басары Абдылда Исраилов селектирдик чогулуш өткөрүп, анын жүрүшүндө саламаттык сактоо тармагынын бардык объектилери салынып жатканда эле үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздалып, кошумча альтернативалык булактары каралат. Бирок убактылуу медициналык объектилери такай текшерип туруу зарыл экенин өзгөчө белгиледи.

"Учурда ооруканаларда, күндүзгү стационардык борборлордо, утурумдук дарылоого ылайыкташтырылган мекемелерде, оорулуулар көп болууда, алар түрдүү аппараттарга улаштырылган. Аз убакытка болсо да, электр энергиясынын өчүрүлүүсү, адамдардын өмүрүнө болгон коркунучту жаратат",- деп А.Исраилов белгилеп жана ошондой эле бардык компаниялардын кызматкерлери инструктаж менен таанышуусун, өзгөчө текшерүү болоорун айтты.

Белгилеп кетүүчү жагдай, учурда республика боюнча күз-кыш айларына карата даярдыктар жүрүп жатат. Бардык пландын негизиндеги өчүрүүлөр жергиликтүү бийлик менен макулдашылышы керек.

Бирок, бул оңдоп-түзөөлөр бардык медициналык мекемелердин үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз болушуна таасир этпейт.

Поделиться материалом
Другие материалы в категории Жаңылыктар


Жалпыга маалым болгондой ушул жылдын 22-март күнү COVID-19 пандемиясынын айынан өлкөбүздө түзүлгөн кырдаалга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бир айлык өзгөчө кырдаал мезгили киргизилип карантин жарыяланган.  

12-июнда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, Улуттук энергохолдингдин туунду компаниясы болгон “Электр станциялары” ААКтын объектилери болгон Камбарата-2 ГЭСи жана Токтогул ГЭСи менен таанышуу сапарында болушту.  

Жалал-Абад облусунун Жазы-Кечүү айылы 1-сентябрда электр энергиясы менен камсыз болот
Улуттук энергохолдинг башкармалыгынын Төрагасы Айтмамат Назаров Базар-Коргон районунун Кызыл-Үңкүр айыл өкмөтүнө караштуу Жазы-Кечүү айылында калкты электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн алгачкы электр мамычаны орнотууга катышты.