Улуттук энергохолдингдин Башкармасынын Төрагасы Нурбек Козубеков Ысык-Көл облусунун электр энергетикалык объектилеринин ишмердиги менен таанышты
Поделиться материалом
Опубликовано: 23 ноября 2020

Улуттук энергохолдингдин Башкармасынын Төрагасы Нурбек Козубеков “Кыргызстан улуттук электр тармактары” ААКтын, “Чыгышэлектр” ААКтын райондук электр тармактарынын объектилеринин жабдууларынын күз-кыш мезгилдерине даярдыгы менен таанышуу максатында Ысык-Көл облусуна жумушчу сапары менен барды.

“КУЭТ” ААКтын Башкы директору Эмил Куданалиев, облустагы жогорку чыңалуудагы көмөк чордондорду эксплуатациялоо шарттарын жана алардын ишенимдүүлүгүн жакшыртуу үчүн өткөрүлгөн негизги жабдууларды реконструкциялоо, алмаштыруу жана оңдоп-түзөө сыяктуу даярдык иштери жөнүндө маалымат берди.

Анын айтымында, күз-кыш мезгилдерине даярдыктын алкагында Ысык-Көл жогорку чыңалуудагы электр тармактар ишканасынын (ЫЖЧЭТИ) 7 көмөк чордонунда жабдууларды капиталдык оңдоо, 14 көмөк чордондо кезектеги оңдоо иштери аткарылды.  230 км узундуктагы 110-500 кВ чубалгыларда капиталдык оңдоо, 1511,6 км электр берүү чубалгыларында техникалык тейлөө жүргүзүлдү.

Облуска жумушчу сапарынын жүрүшүндө Нурбек Козубеков ошондой эле “Чыгышэлектр” ААКтын райондук электр тармактарына (РЭТ) барды.  Компаниянын Башкы директору Алмас Жумакадыров билдиргендей, бардык тапшырмалар толук көлөмдө жана белгиленген мөөнөттөрдө аткарылды.

Ошентип, Ысык-Көл облусунда “Чыгышэлектр” ААК тарабынан 2020-жылдын 10 айында 6-10/0,4 кВ 26 кошумча трансформатордук көмөк чордон (КТП) орнотулуп, 18,4 км АЧ 10-0,4 кВ аба чубалгылары курулду жана 27,2 км АЧ 10-0,4 кВ аба чубалгылары реконструкцияланды.  Ошондой эле ашыкча жүктөм менен иштеген 52 күч трансформаторлорун чоң кубаттуулукка алмаштыруу ишке ашырылды.  Кезектеги жана капиталдык оңдоолор толук көлөмдө аткарылды.

Улуттук энергохолдингдин Башкармасынын Төрагасы Нурбек Козубеков керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

“Күз-кыш мезгилдерине даярдык көрүүнүн алкагында, бардык компанияларга авариялык өчүрүүлөрдүн келип чыгуу тобокелдиктерин кыскартууга багытталган оңдоп-түзөө кампаниясын өткөрүү тапшырмасы берилген.  Буга карабастан, кээ бир компанияларда өчүрүүлөрдүн саны өсүүдө,” – деди Нурбек Козубеков, ал ошондой эле кайра байланышты күчөтүү менен call-борборлордун иштерин жакшыртуу жана штаттан тышкаркы кырдаалды жоюу боюнча ыкчам чараларды көрүү боюнча тапшырма берди.  Мындан тышкары, ар бир учурду кылдат изилдеп, авариялык өчүрүүлөрдүн саны өскөндүк үчүн энергетикалык компаниялардын түзүмдүк бөлүктөрүнүн башчыларынын жекече жоопкерчилигин аныктоо тапшырылды.

Жумушчу сапардын жүрүшүндө Улуттук энергохолдингдин башчысы көмөк чордондордун жана РЭТтердин кампаларында керектүү материалдардын бар экендигин, унаа техникалары менен жабдылуусун көрүп, ошондой эле авариялык-оңдоо бригадаларынын кызматкерлеринин иштөө шарттары менен таанышты.

ЖЧЭТИнин жана РЭТтин жетекчилеринин маалыматтарын угуп жана талкуулап, Нурбек Козубеков күз-кыш мезгилдерин ийгиликтүү өтүү, жабдууларды ишенимдүү эксплуатациялоо жана электр энергиясын керектөөчүлөр менен иш алып барууну жакшыртуу боюнча тапшырмаларды койду.

Поделиться материалом
Другие материалы в категории Жаңылыктар

Улуттук энергетикалык холдингдин башкармасынын төрагасы Бакыт Сыдыков Башкарманын төрагасынын жаңы бекитилген орун басарлары Жолдошбек Ачикеевди жана Мирбек Маматовду эмгек жамааты менен тааныштырды.

 Улуттук энергохолдингдин башкармасынын төрагасы Бакыт Сыдыков энергетика тармагынын ардагерлери менен жолугушуп, аларды Ата Мекенди коргоо күнү менен куттуктады.

Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев, Башкарманын төрагасы болуп дайындалган Бакыт Сыдыковду Улуттук Энергохолдингдин эмгек жамааты менен тааныштырды.