Улуттук энергохолдингдин Башкармасынын Төрагасы Нурбек Козубеков Чүй облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Быстровка ГЭСине барды, Чүй жогорку чыңалуудагы электр тармактары ишканасынын (ЧүЖЧЭТИ) жана “Түндүкэлектр” ААКтын объектилеринин ишмердиги менен таанышты.
Быстровка ГЭСине иш сапарынын жүрүшүндө Нурбек Козубеков станциянын абалын жана анын күз-кыш мезгилине даярдыгын көрүп, “Чакан ГЭС” ААКтын жакынкы келечекке болгон иш пландарын жана стратегиялык өнүгүү пландарын талкуулады.
Акционердик коомдун Башкы директору Эрмек Асанканов билдиргендей, гидроагрегаттардын ченемдик пайдалануу мөөнөтү 25 жылдан ашпосу керек, бирок алар 66 жылдан бери пайдаланылып келе жатат. Натыйжада, станциянын гидро күч жабдууларынын тейлөө мөөнөтү 2 эседен ашып кеткен.
“Оңдоп-түзөө иштери бекитилген графикке ылайык жүргүзүлүп жатат. Акыркы 10 жылдын ичинде 10 капиталдык жана 2 орточо оңдоо жүргүзүлдү. Мындан тышкары, жыл сайын эки жолудан кем эмес гидроагрегаттарды тейлөө боюнча иштер жүргүзүлөт” – деди Эрмек Асанканов.
Эскерте кетчү нерсе, Быстровка ГЭСи “Чакан ГЭС” ААКтын түзүмдүк бөлүгү болуп, Чүй облусундагы Кемин шаарынан алыс эмес жердеги Нур айылында жайгашкан. Станция 1954-жылда пайдаланууга берилген.
Улуттук энергохолдингдин Башкармасынын Төрагасы Чүй облусуна болгон жумушчу сапарынын жүрүшүндө ошондой эле “Түндүкэлектр” ААКтын жогорку чыңалуудагы көмөк чордондорун жана райондук электр тармактарын (РЭТ) көздөн өткөрүп, ыкчам чечүүнү талап кылган маселелерди талкуулады.
Жумушчу сапардын жыйынтыгы боюнча Нурбек Козубеков ЖЧЭТИнин жана РЭТтин жетекчилеринин көңүлүн күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өтүү боюнча милдеттерге бурду жана авариялык өчүрүүлөрдү жоюу максатында жабдууларды өз убагында, тыкан тейлөөнүн маанилүүлүгүн белгиледи.