Улуттук энергохолдингдин Башкармасынын Төрагасы Нурбек Козубеков CASA – 1000 долбоорунун жүрүшү менен таанышты
Поделиться материалом
Опубликовано: 30 ноября 2020

Улуттук энергохолдингдин Башкармасынын Төрагасы Нурбек Козубеков Баткен облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө CASA-1000 долбоорунун алкагында долбоорлонуп жаткан 500 кВ электр берүү чубалгыларынын зым тирөөчүнүн түбүнө капсула коюулуучу жайга барды.

“Кыргызстан улуттук электр тармактары” ААКтын Башкы директору Эмил Куданалиев билдиргендей, азыркы учурда бардык долбоорлук иштер, маршрутту тандоо жана макулдашуу, ар бир зым тирөөч курулуучу жерлерди геологиялык изилдөөлөр аякталды, материалдарды жана жабдууларды жеткирүү улантылып жатат.

Улуттук энергохолдингдин Башкармасынын Төрагасы Нурбек Козубеков, CASA-1000 долбоорун ишке ашыруу республиканын энергетикалык тармагынын экспорттук дараметин күчөтүүгө мүмкүндүк берип, энергетиканы андан ары өнүктүрүү үчүн негиз түзөөрүн баса белгиледи.

“CASA-1000 долбоорунун алкагында электр берүү чубалгыларынын курулушунун бүткөрүлүшү менен, энергетикага иштеп чыгаруу боюнча жаңы объекттерди ишке киргизүү боюнча долбоорлорду ишке ашыруу үчүн кошумча инвестициялар тартылат деп күтүп жатабыз.  Азыркы учурда улуттук масштабдагы болочок долбоорлор катары Камбарата-1 ГЭСи, Жогорку Нарын ГЭСтер каскады, Казарман ГЭСтер каскады каралып жатат”, - деп Нурбек Козубеков, 2024-жылга иштеп жаткан ГЭСтерди реконструкциялоонун жана модернизациялоонун натыйжасында кубаттуулуктар 400 МВаттан ашуун өсүүсү күтүлүп жаткандыгын кошумчалады.

CASA-1000 (Борбордук Азия – Түштүк Азия 1000 МВт) долбоору Борбордук Азия өлкөлөрү электр энергиясын экспорттоосу жана эл аралык стандарттарга жооп берген электр энергиясын соодалоонун механизмдерин иштеп чыгуусу үчүн, Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын энергетика тутумдарын Афганистан жана Пакистандын энергетика тутумдары менен байланыштыруучу жогорку чыңалуудагы электр берүү чубалгыларын курууну көздөйт.

Иш сапарынын жүрүшүндө Улуттук энергохолдингдин башчысы “Ошэлектр” ААКтын райондук электр тармактарынын ишмердиги менен таанышып, Өкмөттүн Ош жана Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү Ж.Абдураимов жана Ж.Жалалов менен, ошондой эле Лейлек районунун акими Б.Бекмуратов менен жолугуп, алар менен аймактын жашоочуларын электр менен камсыздоону жакшыртуу маселелерин талкуулады.

Поделиться материалом
Другие материалы в категории Жаңылыктар

Улуттук энергетикалык холдингдин башкармасынын төрагасы Бакыт Сыдыков Башкарманын төрагасынын жаңы бекитилген орун басарлары Жолдошбек Ачикеевди жана Мирбек Маматовду эмгек жамааты менен тааныштырды.

 Улуттук энергохолдингдин башкармасынын төрагасы Бакыт Сыдыков энергетика тармагынын ардагерлери менен жолугушуп, аларды Ата Мекенди коргоо күнү менен куттуктады.

Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев, Башкарманын төрагасы болуп дайындалган Бакыт Сыдыковду Улуттук Энергохолдингдин эмгек жамааты менен тааныштырды.