Улуттук энергохолдингдин Башкармасынын Төрагасы Нурбек Козубеков иш сапары менен Жалал-Абад облусуна барып, электр энергетикалык объекттердин күз-кыш мезгилин өтүүсүнүн жүрүшү менен таанышты.
“Жалалабатэлектро” ААКтын райондук электр тармактарына болгон сапарынын жүрүшүндө акционердик коомдун Башкы директору Дурусбек Рахманов билдиргендей, жыл башынан бери компания эскирген 3 миң зым тирөөчтү алмаштырып, 64 көмөк чордонду оңдоду. 156,1 км 35 кВ электр берүү чубалгылары калыбына келтирилип, 2070 дааны 6-10/04 кВ трансформатордук көмөк чордондор оңдолду.
Улуттук энергохолдингдин башчысы зым тирөөч чыгаруучу темир-бетон заводунун ишмердиги, авариялык-оңдоо бригадалардын кызматкерлеринин иштөө шарттары менен таанышып, РЭТтердин кампаларында зарыл болгон материалдардын, авариялык камдыктардын бар экендигин карап көрдү.
Облус боюнча иш сапарынын жүрүшүндө Нурбек Козубеков, ошондой эле Жалал-Абад Жогорку чыңалуудагы электр тармактары ишканасынын объекттеринин ишмердиги менен таанышып, анын ичинде “Датка” көмөк чордонуна да барды.
“КУЭТ” ААКтын Башкы директору Эмил Куданалиев аткарылган оңдоп-түзөө иштери, облустагы жогорку чыңалуудагы көмөк чордондордун ишенимдүүлүгүн жана эксплуатациялоонун шарттарын жакшыртуу үчүн негизги жабдууларды алмаштыруу жана реконструкциялоо боюнча маалымат берди.
Жогорку чыңалуудагы жана райондук электр тармактарынын жетекчилерине күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өтүү, ошондой эле керектөөчүлөрдү электр менен үзгүлтүксүз камсыздоо жана мүмкүн болуучу авариялык өчүрүүлөргө ыкчам жооп кайтаруу боюнча милдеттер коюлду.