Улуттук энергохолдингдин Башкармасынын Төрагасы Нурбек Козубеков Ош облусундагы электр энергетика объекттери менен таанышты
Поделиться материалом
Опубликовано: 02 декабря 2020

Улуттук энергохолдингдин Башкармасынын Төрагасы Нурбек Козубеков, “Кыргызстан улуттук электр тармактары” ААКтын жана “Ошэлектр” ААКтын объектилеринин жобдууларынын күз-кыш мезгилдерине даярдыгы менен таанышуу үчүн Ош облусуна иш сапары менен барды.  Бөлүштүрүүчү компаниянын Башкы директору Артур Жусуев бардык пландалган мерчемдүү оңдоп-түзөө иштери толук көлөмдө жана бекитилген мөөнөттөрдө аткарылгандыгын билдирди.  Бардык райондук электр тармактары зарыл болгон авариялык камдыктар менен камсыз болгон.

“Авариялык өчүрүүлөрдү болтурбоо үчүн, бүткүл электр тармактарынын жабдууларына такай көзөмөлдү ишке ашыруучу атайын бригадалык топтор түзүлгөн.  Мындан тышкары, керектөөчүлөр менен иштөөнү жакшыртуу максатында облустун бир канча районунда кардарларды тейлөө борборлору ачылган.  “Ошэлектр” керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн бардык аракеттерди жасайт”, - деди Артур Жусуев.

Иш сапарынын алкагында, Улуттук энергохолдингдин башчысы Нурбек Козубеков, ошондой эле Ош жогорку чыңалуудагы электр тармактарынын ишканасынын көмөк чордондоруна барып, күз-кыш мезгилин өтүүнүн жүрүшү менен таанышты жана керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо боюнча милдеттерди койду.
“Күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өтүү боюнча бардык чараларды көрүү зарыл, жана мүмкүн болуучу авариялык өчүрүүлөрдү болтурбоо керек”, - деди Нурбек Козубеков.

 

Поделиться материалом
Другие материалы в категории Жаңылыктар

Улуттук энергетикалык холдингдин башкармасынын төрагасы Бакыт Сыдыков Башкарманын төрагасынын жаңы бекитилген орун басарлары Жолдошбек Ачикеевди жана Мирбек Маматовду эмгек жамааты менен тааныштырды.

 Улуттук энергохолдингдин башкармасынын төрагасы Бакыт Сыдыков энергетика тармагынын ардагерлери менен жолугушуп, аларды Ата Мекенди коргоо күнү менен куттуктады.

Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев, Башкарманын төрагасы болуп дайындалган Бакыт Сыдыковду Улуттук Энергохолдингдин эмгек жамааты менен тааныштырды.