Улуттук энергохолдинг башкармалыгынын төрагасы Нурбек Козубеков Талас облусунун энергетикалык объектилеринин иши менен таанышты.
Поделиться материалом
Опубликовано: 15 декабря 2020

Улуттук энергохолдинг башкармалыгынын төрагасы Нурбек Козубеков  “Кыргыз Улуттук электр тармагы” ААКнын жана “Түндүк электр” ААКнын объектилеринин күз-кыш мезгилинин өтүүсү менен таанышуу максатында Талас облусуна иш сапары менен барды.

"КУЭТ" ААКнын Талас шаарындагы жогорку чыңалуудагы электр тармактары ишканасынын директору Темир Айкымбаев региондогу жогорку чыңалуудагы көмөкчордондордун иштөө шарттарын жана ишенимдүүлүгүн жогорулатуу үчүн негизги жабдууларды оңдоо, алмаштыруу жана реконструкциялоо иштери жөнүндө маалымат берди.

Нурбек Козубеков регионго жасаган иш сапарынын жүрүшүндө «Түндүк электр» ААКнын райондор электр тармактарында болду.

Иш сапардын алкагында Манас, Кара-Буура, Бакай-Ата, Талас РЭТ жана Таластын шаардык тармактарына саякат барып, Төрага керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышты. Ошондой эле Н.Козубеков жогорку чыңалуудагы 110 / 35-10 кВ "Кировка" жана "Победа" көмөкчордондорунда болду.

Иш сапардын жүрүшүндө компаниянын аткаруучу директору Акылбек Рыспеков бардык тапшырмалар толугу менен жана өз убагында аткарылгандыгын билдирди.

2020-2021-жылдын күз-кыш мезгилине  өтүүгө даярдануу учурунда. "Түндүк электр" ААКнын Таластагы филиалы тарабынан 10 кВ линиялары - 284,65 км, 0,4 кВ аба чубалгылары - 252,12 км, 193 даана -трансформатордук подстанция  ондоп-түзөөдөн өткөрүлгөн, кошумча 14 даана трансформатордук подстанция  орнотулган, 0,4 кВ аба чубалгыларын реконструкциялоо  өзүн-өзү камсыз кылган, изоляцияланган зымдарды колдонуу менен жүргүзүлдү - 35,6 км, ошондой эле 1025 даана темир-бетон таянычтарын алмаштыруу иштери да жүргүзүлдү.

     ЖЧЭТтин жана РЭТтин башчыларынын маалыматтарын талкуулоо жана угуудан кийин Нурбек Козубеков күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өткөрүү, шаймандардын ишенимдүү иштеши жана электр энергиясын керектөөчүлөр менен иштөөнү жакшыртуу боюнча милдеттерди койду.

 

 

 

Поделиться материалом
Другие материалы в категории Жаңылыктар

Улуттук энергетикалык холдингдин башкармасынын төрагасы Бакыт Сыдыков Башкарманын төрагасынын жаңы бекитилген орун басарлары Жолдошбек Ачикеевди жана Мирбек Маматовду эмгек жамааты менен тааныштырды.

 Улуттук энергохолдингдин башкармасынын төрагасы Бакыт Сыдыков энергетика тармагынын ардагерлери менен жолугушуп, аларды Ата Мекенди коргоо күнү менен куттуктады.

Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев, Башкарманын төрагасы болуп дайындалган Бакыт Сыдыковду Улуттук Энергохолдингдин эмгек жамааты менен тааныштырды.