Улуттук Энергохолдинг башкармасынын төрагасы Нурбек Козубеков Кызыл-Кыя РЭТинин жаңы имаратынын ачылыш аземине катышты
Поделиться материалом
Опубликовано: 18 декабря 2020

Улуттук Энергохолдинг башкармасынын төрагасы Нурбек Козубеков, Ош облусуна жасаган иш сапарынын алкагында, “Ош электр” ААКнын Кызыл-Кыя аймактык электр тармагынын жаңы имаратынын ачылыш аземине катышты.

Кызыл-Кыя РЭТи 1966-жылы түзүлгөн жана Кызыл-Кыя, Ынтымак, Караван жана Үч-Коргон айыл өкмөттөрүн электр энергиясы менен камсыз кылат. РЭТтин имараты авариялык абалда болгондуктан, 2018-жылы “Ош электр” ААК жаңы имараттын долбоордук-сметалык документтерин иштеп чыккан.  Курулуш  иштери 2019-жылдын март айында, 14 миллион 664 миң сомдук тендерди утуп алган “Техно Стиль” ЖЧКсы тарабынан башталган. Курулуш иштери өз убагында бүткөрүлүп, жаңы имарат Кызыл-Кыя РЭТинин коллективине тапшырылды.

Улуттук энергохолдингдин башкармасынын төрагасы Нурбек Козубеков, жаңы кеңсенин ачылышы энегргетиктердин кесиптик майрамына - Кыргыз Республикасынын "Энергетиктер күнүнө" дал келгенин белгиледи.

“Мен биздин энергетиктерге жан аябастык менен жасаган эмгеги үчүн ыраазычылыгымды билдирем.  Өзгөчө күз-кыш мезгилиндеги кандай гана оор шарттарда иштегениниздерди билем. Биргелешкен аракеттер менен  келечекте тармагыбыздын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу үчүн жаңы энергетикалык объектилерди ишке киргизебиз деп ишенем”, - деди Улуттук энергохолдингдин башчысы.

 Салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө РЭТтин мыкты кызматкерлерине ведомстволук сыйлыктар жана ыраазычылык каттар тапшырылды.

Поделиться материалом
Другие материалы в категории Жаңылыктар

Улуттук энергетикалык холдингдин башкармасынын төрагасы Бакыт Сыдыков Башкарманын төрагасынын жаңы бекитилген орун басарлары Жолдошбек Ачикеевди жана Мирбек Маматовду эмгек жамааты менен тааныштырды.

 Улуттук энергохолдингдин башкармасынын төрагасы Бакыт Сыдыков энергетика тармагынын ардагерлери менен жолугушуп, аларды Ата Мекенди коргоо күнү менен куттуктады.

Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев, Башкарманын төрагасы болуп дайындалган Бакыт Сыдыковду Улуттук Энергохолдингдин эмгек жамааты менен тааныштырды.