Башкарманын Төрагасы Нурбек Козубековдун Кыргыз Республикасынын энергетиктер күнү менен куттуктоо сөзү
Поделиться материалом
Опубликовано: 22 декабря 2020

                                                           Урматтуу энергетиктер, ардактуу тармактын ардагерлери!

                          Сиздерди кесиптик майрамыңыздар - Кыргыз Республикасынын Энергетиктер күнү менен куттуктайм.

Энергетикалык коопсуздукту камсыздоо, генерациялоочу кубаттуулуктарды модернизациялоо жана реконструкциялоо, жаңы гидроэнергетикалык объектилерди ишке киргизүү - гүлдөп-өнүгүүнүн негизи жана энергетиктерден чоң кесипкөйлүктү жана чыгармачыл эмгекти талап кылган башкы милдет болуп эсептелет.

Керектөөчүлөрдү электр энергиясы жана жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу боюнча бүтүндөй энергетика тармагындагы ийгиликтүү иш-аракет биздин тармактын бүтүндөй миңдеген эмгек жамаатынын ырааттуу ишинен көз каранды.

2018-2040-жылдар боюнча Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясына ылайык, энергетика тармагына өлкөбүздүн энергетикалык коопсуздугун жана көз карандысыздыгын камсыз кылуу милдети коюлган.

Бул стратегиянын алкагында ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча иштер жигердүү жүргүзүлүп жатат. Токтогул ГЭСин калыбына келтирүүнүн экинчи этабы дээрлик бардык жабдууларды жаңылоо жана кубаттуулугун 240 МВт көбөйтүү, Ат-Башы ГЭСиндеги жабдууларды толук реконструкциялоо менен башталды. Ошондой эле 110 кВ электр линиясы жана Баткен областынын  энергетикалык көз карандысыздыгын камсыз кылуу үчүн Арка массивин электр менен камсыз кылууну  жакшыртуунун алкагында жаңы көмөкчордон жигердүү курулуп жатат.

Практикалык жүзөгө ашырууну баштоого даярдык көрүү этабында Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо жана генерация деңгээлин жогорулатууну камсыз кылууга багытталган Камбар-Ата 2 ГЭСинин экинчи гидроагрегатын ишке киргизүү боюнча долбоорлор иштелип чыгууда.

         Жогоруда көрсөтүлгөн долбоорлорду 2025-жылга чейин ишке ашыруу энергетикалык тутумдун кубаттуулугун 400 МВттан ашык көбөйтүүнү камсыз кылышы мүмкүн, бул өлкөнүн калкын электр энергиясы менен камсыз кылат жана жай мезгилинде CASA-1000 долбоорунун алкагында экспорттук потенциалды ишке ашырууга мүмкүнчүлүк түзөт, анын алкагында  узундугу 450 чакырымдан ашкан 500 кВ "Датка-Согд" электр чубалгылары куруу иштери башталууда.

Бүгүнкү күндө, Кыргыз Республикасынын энергетика системасынын ишенимдүү иштешин камсыз кылуу менен бирге, ачык-айкындуулук жана натыйжалуулук деңгээлин жогорулатуу, ошондой эле өлкөнүн энергетика тармагындагы техникалык жана коммерциялык жоготууларды азайтуу маселелери актуалдуу болуп жатат. Бул багытта электр энергиясын эсептөөнүн жана башкаруунун автоматташтырылган системасын кеңейтүү иштери улантылууда.

Камбар-Ата1 ГЭСинин жана башка келечектүү ГЭСтерди куруу аркылуу өлкөнүн гидроэнергетикалык потенциалын өздөштүрүү, ошондой эле экологиялык таза энергиянын кайра жаралуучу булактарынын үлүшүн көбөйтүү энергетиканы өнүктүрүүгө карай кийинки жана өтө маанилүү кадам болуп эсептелет.

Урматтуу биздин ардагерлер - энергетиктер!

Биз жыл сайын 22-декабрда энергетика тармагынын башатында тургандарга баш ийип таазим этебиз!

Кыргыз энергетикасынын гүлдөп өнүгүшү Советтер Союзунун жылдарына туура келгендиктен, эбегейсиз чон өлкөнүн булуң-бурчунан келген жүз-миңдеген жарандар Нарын каскадындагы ГЭСтердин курулушуна катышкан. Алар ак эмгеги менен, өткөн кылымдын 60-жылдардын башынан 80-жылдардын ортосуна чейинки кыска тарыхый мезгил ичинде , кыргыз станцияларында электр энергиясын иштеп чыгуу 14 миллиард кВт.сааттан ашуусун камсыз кылышкан.

Ата мекендик энергетика тармагынын калыптанышынын жана өнүгүшүнүн тарыхы быйыл 100 жылдыгы белгиленип жаткан ГОЭЛРО планы менен тыгыз байланышта.

Бүгүн мен ошол гидрокуруучулардын, энергетиктердин жан аябас эмгеги үчүн терең ыраазычылыгымды билдиргим келет.Биз силердин алдыңарда милдеттүүбүз.

Ал эми жаш муундар, сиздерге көп учурда экстремалдык шарттарда иштөөгө, өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга, эски жабдууларга байланышкан көптөгөн көйгөйлөрдү чечүүгө туура келерин билем. Бирок, бүгүнкү күндө биздин мекендештер, сиздерден кыргызстандыктардын үйлөрүн электр энергиясы жана жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн мындан да чоң жоопкерчиликти, чыдамкайлыкты жана болгон күчүңүздөрдү жумшоонуздарды күтүп жатышат.

Энергетика - бул экономиканы өнүктүрүүдө приоритеттүү тармактардын бири. Бирок, бүгүнкү күндө, биздин алдыбызда өлкөнүн энергетика системасын жаңыртуу милдети болуп көрбөгөндөй болуп турат. Биз, Кыргызстандын эң бай гидроэнергетикалык потенциалын толугу менен колдонуу менен гана чектелбестен, ошондой эле шаарларыбыз менен айылдарыбыздын электр тармактарын калыбына келтирүүдө олуттуу инвестицияларды жасашыбыз керек.

Электр энергиясын өндүрүмү республика боюнча тез өсүп жаткан керектөөнүн көлөмүнө туура келиши керек. Энергетика тармагынын ишин, келечекте биздин мекендештерибиз өз үйлөрүндө электр жана жылуулуктун жоктугу менен байланышкан кыйынчылыктарды башынан өткөрбөгөндөй кылып куруу маанилүү болуп эсептелет.

Тилекке каршы, бүгүн биз көптөгөн көйгөйлөр жана милдеттер жөнүндө сүйлөшүүгө туура келип жатат. Бирок жакынкы келечекте биргелешкен күч-аракеттердин жардамы менен биз элибиздин жыргалчылыгы үчүн энергетикалык системанын туруктуу жана натыйжалуу иштешин камсыз кылган өзгөрүүлөргө жетишебиз деп ишенем.

Мындан ары да тармактын адистери өзүнүн кесиптик милдетине берилгендик менен мамиле кылып, жогорку жоопкерчиликти сезип, өлкөнүн отун-энергетикалык комплексинин  туруктуу иштеши үчүн колунан келген күчүн жумшайт деп ишенем.

Ушундай маанилүү күндө биз, компаниялардын бардык кызматкерлерине, өнөктөштөрүнө, ардагерлерине ишенимдүү, туруктуу жана авариясыз жумуш, чың ден-соолук жана таалыкпас энергия каалайбыз!

Поделиться материалом
Другие материалы в категории Жаңылыктар

Улуттук энергетикалык холдингдин башкармасынын төрагасы Бакыт Сыдыков Башкарманын төрагасынын жаңы бекитилген орун басарлары Жолдошбек Ачикеевди жана Мирбек Маматовду эмгек жамааты менен тааныштырды.

 Улуттук энергохолдингдин башкармасынын төрагасы Бакыт Сыдыков энергетика тармагынын ардагерлери менен жолугушуп, аларды Ата Мекенди коргоо күнү менен куттуктады.

Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев, Башкарманын төрагасы болуп дайындалган Бакыт Сыдыковду Улуттук Энергохолдингдин эмгек жамааты менен тааныштырды.