Улуттук энергохолдинг башкармасынын төрагасы Нурбек Козубеков энергокомпаниялардын жетекчилери менен күз-кыш мезгилин өткөрүүгө арналган кезектеги, жума сайын өтүүчү селектордук жыйын өткөрдү.
Жыйындын жүрүшүндө Улуттук энергохолдингдин төрагасына ушул жылдын 1-февралына карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10,665 миллион кубометрди түзгөндүгү жана бул көрүнүш өткөн жылдын ушул эле датасына салыштырмалуу 2 924 миллион кубометрге аз экендиги жөнүндө маалымат берилди.
Энергокомпаниялардын жетекчилери учурда бардык ГЭСтер, ошондой эле бардык ири энергетикалык объектилер штаттык режимде кынтыксыз иштеп жаткандыгын билдиришти.
Башкарманын төрагасы Нурбек Козубеков, керектөөчүлөрдү электр энергиясы жана жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыз кылууга багытталган иш-чаралардын комплексин өз убагында жүргүзүүнү, ошондой эле авариялык өчүрүүлөрдүн санын азайтуу боюнча комплекстүү чараларды көрүүнү тапшырды.