Бакыт Сыдыков Улуттук энергохолдингдин эмгек жамааты менен тааныштырылды
Поделиться материалом
Опубликовано: 10 февраля 2021

Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев, Башкарманын төрагасы болуп дайындалган Бакыт Сыдыковду Улуттук Энергохолдингдин эмгек жамааты менен тааныштырды.
Кубанычбек Турдубаев, Бакыт Сыдыковдун энергетика тармагында көп жылдык тажрыйбасы бар экендигин, тармактын өнүгүшүнө чоң салым кошкондугун белгилеп кетти.
“Учурда республиканын энергетика тармагынын абалы өтө оор. Мындай кырдаалдан чыгуунун жолун табууга багытталган чечкиндүү чараларды көрүү керек. Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаров тарабынан бизге ушундай милдеттер жүктөлдү. Улуттук энергохолдинг энергетика тармагындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун маанилүү звеносу болуп калууга тийиш ” -деди Кубанычбек Турдубаев жана Башкарманын төрагасына жооптуу ишинде ийгиликтерди каалады. Бакыт Сыдыков өз кезегинде ишеним үчүн ыраазычылыгын билдирип, тармакты туруктуу өнүктүрүүнүн негизги көрсөткүчтөрүнө жетишүү үчүн Улуттук энергохолдингдин жана анын туунду компанияларынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча иштерди уланта берүүгө ниеттенип жаткандыгын баса белгиледи.

Поделиться материалом
Другие материалы в категории Жаңылыктар

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмүнүн аздыгынан, ички керектөөлөрдүн өсүш темпинин жогорулугунан, жогорку чыңалуудагы түйүндүү көмөкчордондордун ашыкча жүктөлүшүнөн жана электрди бөлүштүрүүчү шаймандардын техникалык абалынын канааттандырарлык эмес экендигинен улам энергетика тармагы өтө оор абалда турат.


Бүгүн, Улуттук энергохолдингдин Башкармасынын Төрагасынын биринчи орун басары Асхат Бердиев “Жалалабат электр” ачык акционердик коомунун залында жолугушуу өткөрдү, ага Башкы дирекция, компаниянын борбордук кызматтарынын, бөлүмдөрүнүн жана түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышты.

Бүгүн Улуттук энергохолдингде Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги Кубанычбек Турдубаев менен Улуттук энергохолдинг Башкармасынын төрагасы Бакыт Сыдыковдун катышуусунда Улуттук энергохолдингдин базасында бирдиктүү сатып алуу борборун түзүү боюнча жумушчу топтун мүчөлөрү менен жолугушуу өткөрүлдү.