Улуттук энергетикалык холдингдин башкармасынын төрагасы Бакыт Сыдыков Башкарманын төрагасынын жаңы бекитилген орун басарлары менен тааныштырды
Поделиться материалом
Опубликовано: 25 февраля 2021

Улуттук энергетикалык холдингдин башкармасынын төрагасы Бакыт Сыдыков Башкарманын төрагасынын жаңы бекитилген орун басарлары Жолдошбек Ачикеевди жана Мирбек Маматовду эмгек жамааты менен тааныштырды.

Бакыт Сыдыков орун басарларга  мындан аркы ийгиликтерди каалап, учурда Улуттук энергетикалык холдингдин жетекчилиги алдында күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өткөрүү, керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз электр энергия жана жылуулук менен камсыз кылуу боюнча маанилүү милдеттер коюлгандыгын белгиледи.

Ал эми, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча Фондунун чечимине ылайык Улуттук Энергохолдингдин Башкармасынын төрагасынын орун басарлары Бакыт Есенбаева жана Шайыргүл Кудайбердиеванын ыйгарым укуктары токтотулду.

 

Поделиться материалом
Другие материалы в категории Жаңылыктар

Иш сапардын жүрүшүндө Улуттук энергохолдинг башкармасынын төрагасы Бакыт Сыдыков Бишкек шаарындагы ЖЭБдин эмгек жамааты менен жолугушуп, учурдагы көйгөйлүү маселелери менен таанышты, ошондой эле ЖЭБдин окуу борборунда да болду.

 Улуттук энергохолдингдин башкармасынын төрагасы Бакыт Сыдыков энергетика тармагынын ардагерлери менен жолугушуп, аларды Ата Мекенди коргоо күнү менен куттуктады.

Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев, Башкарманын төрагасы болуп дайындалган Бакыт Сыдыковду Улуттук Энергохолдингдин эмгек жамааты менен тааныштырды.