Улуттук энергохолдингдин башкармасынын төрагасы Бакыт Сыдыков Бишкек ЖЭБинин кызматкерлери менен жолугушту
Поделиться материалом
Опубликовано: 23 марта 2021

Иш сапардын жүрүшүндө Улуттук энергохолдинг башкармасынын төрагасы Бакыт Сыдыков Бишкек шаарындагы ЖЭБдин эмгек жамааты менен жолугушуп, учурдагы көйгөйлүү маселелери менен таанышты, ошондой эле ЖЭБдин окуу борборунда да болду.

Бишкек ЖЭБинин кызматкерлеринен жана башчыларынын берген маалыматтарын угуп бүткөндөн кийин, башкарманын төрагасы алдыдагы күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өткөрүү үчүн бардык пландаштырылган иш-чараларды жүзөгө ашыруу боюнча милдеттерди койду.

Бакыт Сыдыков Бишкек ЖЭБ кызматкерлеринин кесипкөй, жоопкерчиликтүү ишинин маанилүүлүгүн белгилеп, аларга мындан аркы ийгиликтерди, шаймандардын көйгөйсүз жана туруктуу иштешин каалады.

Поделиться материалом
Другие материалы в категории Жаңылыктар

Улуттук энергетикалык холдингдин башкармасынын төрагасы Бакыт Сыдыков Башкарманын төрагасынын жаңы бекитилген орун басарлары Жолдошбек Ачикеевди жана Мирбек Маматовду эмгек жамааты менен тааныштырды.

 Улуттук энергохолдингдин башкармасынын төрагасы Бакыт Сыдыков энергетика тармагынын ардагерлери менен жолугушуп, аларды Ата Мекенди коргоо күнү менен куттуктады.

Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев, Башкарманын төрагасы болуп дайындалган Бакыт Сыдыковду Улуттук Энергохолдингдин эмгек жамааты менен тааныштырды.